— Саламатсызбы агай! Ден-соолуктарыңыз жакшыбы? Агай жакында «Будь здоров» гезитине азыркы министр айымдын маеги жарыяланды. Анда Кыргызтанда органдарды алмаштыруу кызматы жолго коюлаарын айтты. Сиз дүйнөлүк транспантологдор коомунун мүчөсүсүз, биздин өлкөдөгү ушул кызмат кандай иш алып барып атат?
— Тилекке каршы транспланталогия кызматы аталган мекеме уюшулганына 17 жыл болсо да, алгылыктуу талапка ылайык иштеп кете алган жок. Трансплантология кызматы кагаз жүзүндө бар болгону менен, жооптуу мекеме болгону менен адистери жок, тийиштүү базасы жок анан албетте кызмат да жок. Ал эми ага жоопкерчиликтүү ЖХИИ жана ОА институту болгону менен атайын бөлүмү же лабораториясы адистери жок, демек ал кызмат жок десек болот. Ал жердеги адистер кардиохирургдар. Алардын трансплантологияны кое кал, кардиохирургияны өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрү чектелген. Кызматты өнүктүрү үчүн биз адистердин эле эмес министрликтин да мүмкүнчүлүгү чектелген, себеби бул тармака чоң каржы булагы керек. Ошентсе да биринчи орунда ишти уюштуруучу кызыкдар патриот адис жокко эсе. Кардиохирургияга келип алып эле адистер трансплантологияны таштап заматта эле кардиохирург болгусу келишет. Мисалы мурдагы директор менин шакиртим докторлук диссертациясы трансплантологиядан болсо да, он жылдан бери кызматты уюштуруп жакшы иш алып бара албады.
Кыскасы директор болом дегендер көп а чыныгы уюштургуч иш билги директор болгондор аз.
— Сиз бизде «Жүрөк хирургия жана органдарды алмаштыруу» институту бар дедиңиз. Бизде трансплантациялоо боюнча башка медициналык органдар барбы?
— Ал эми жалпы трансплантология боюнча да көңүл жылытаар деле жумуш жок азыр. Себеби өлкөдө башка атайын трансплантология кызматына жоопкер мекеме жок.
— Трансплантациялоонун бизде келечеги кандай?
— Өрчүтүү үчүн, айтпадымбы адистер керек, каржы керек анан уюштургуч иш билги жетекчи керек. Тилекке каршы мен билгенден Кыргызстанда атайын даярдалган адис трансплантолог врач жок. Баары эле башка тармактан адистиги бар врачтар кошумча адистик билим алып чала бучук киришип иштегендер.
— Кыргызстандагы жүрөк алмаштыруу, органдарды трансплантациялоо илимий институту транспланталогия операцияларын кыла алабы, коллективдин мүмкүнчүлүгү барбы?
— Бир жолу адис деп директорлукка ошол трансплантология тармагы боюнча доктор болгон менин шакиртимди директорлукка шайладык. 5 жыл жетектеди мекемени бирок жылыш болбоду. Кызмат мурунку акыбалда калды. Албетте негизги проблема каражат жок ж.б.у.с. Бирок директор кыймылдабаса жалкоолонуп жатып алса кардиохирург болот элем деп, же трансплантологияны же кардиохирургияны өнүктүрө албаса анан кантип тармак алга жылмак эле. Мен конкреттүү аламдарды күнөөлөгөндөн алысмын бирок иш жүрбөй жатканы көрүнүп турат да. Азыр ал мекемеде атына жараша заты, адистери, база жок деп эле айтса туура болот. Болбосо 17 жылда бир жыйынтык чыгат эле да. Алма быш оозума түш, сен жакшы мен жакшы деп эт менен челдин ортосунда жүрө берсе эч нерсе өнүкпөйт. Жаңы күчтүү жетекчи керек, же трансплантология кызматын алып кеткен башка жаңы мекеме уюштуруу керек же ал милдетти башка мекемеге жүктөө керек!
— Сиз ушул институттун эң биринчи мыйзамдуу директору болгон экенсиз. Ушул күнү ошол инстутуттун акыбалы кандай?
— Акыбал начар. Өтө начар! Ооба мен мекеменин биринчи мыйзамдуу альтернативдүү шайлоодо уткан мүдүрү болгом. 2005-жылдан 2012-жылга чейин иштедим. Институттун биринчи кирпичинен баштап, кыскасы нөлдөнн баштап, талапка ылайык акыбалга жеткирдим. Кыргызстанда эле 50 дөн ашык врач илимпозлорду 7 жылда даярдадым, илимдин кандидаттары, докторлору чыкты. Институт структурасын, дарылоо диагностикалоо базасын, окуу илимий уюштуру базасын түптөдүм. Эл аралык деңгээлге чыктык. Коллективди жаш адистерден курадым. Тилекке каршы 2010-жылкы революция биздин мекемеге да келди. Өзүм менен чогуу эле жүргөн жолдош коллегаларым мага каршы чыгышты, эки жыл “революция” жасап мени кыйнашты. Сизге жалган мага чын бала кезден чогуу адис болгон ишенген кардиохирург досум командасы менен кабинетке келип “дос Бакиев акаң кетти, эми сен да жакшылыкча директорлук креслону бошот” деди. Ошентип эки жыл ич ара согуш менен өттү. Кетип эле калсамбы дейм. Бирок ошол директор болом дегендин бирөө да доктор профессор эмес илимдин кандидаттары эле. А жобо боюнча илимий мекеменин жетекчиси илимдин доктору болушу керек. Жобону эч ким буза албайт. Ошентип, эки жыл бузуку адамдардын айынан мекеменин иши дээрлик токтоп калды. Менин чачым агарды, коллективде ырк кетти. Ошол убакта мурун өзүм уюштурган Жалал-Абадтагы институттун филиалына кете бердим. Азыр да чоң илимий мекемени түзуп иштеп жатам. Буларды эмнеге айтып жатам сурооңон четтеп? Себеби бүгүн да ошондогудай эле акыбал мекемеде, ошол эле коллектив ошол эле жагдай. Директор эле башка болбосо акыбал кудум ошондогудай, он жыл мурункудай, нааразылар деле ошолор, талаптары деле ошондогудай, жөн эле директор жакпайт же мен директор болот элем деген тымызын талап. Мекеменин жобосу, коллективдин көпчүлүк бөлүгүнүн ою кызыктырбайт. Кызыгы андан бери 10 жыл өттү, мен биринчи мекемени негиздеген директор кеттим, а коллектив ишинде жакшы жылыш жок, талап баягы эле жаңы келген директор жакпайт. Ошентип мекемеде он жылда 5 директор алмашты, алтынчысы иштеп жатат, бирок бузукулардын талабы өзгөрбөдү. Демек, маселе директордо эмес экен да, кээ бир коллективди дүрбөткөн бир ууч адамдарда. Албетте, коллектив баары эле нааразы же жаман эмес. Таланттуу, патриот врач медайымдар толтура. Демейде алар тынч талашка катышпай ишин аткарып эле жүрүшөт. Ошентип, коллектив ичинен чыккан баарына нааразы же тагдырына таарынгандардын азабынан акыбал начар! Мекемеде, мен билгенден, он жыл кандай болсо коллективдеги мамиле акыбал ошондой. Эң жаман жери, менин сай сөөгүмү сыздатып өкүндүргөнү, кечээ эле келген, бешиктен бели чыга элек жаштар, ыйык адистигин, врачтыгын унутуп ошол бузукулардын билигине май тамызып бийлик талашуу оорусу менен ооруп калганы.
Анысы аз келгенсип коллективде, ыркы кеткен мекемеде, мыйзам бузуу фактылары бар деп арызданган жагдайлар болгонун, анан атайын кызматтар текшергенин угуп атам. Кандай иш козголуп, эмне менен бүткөнүн жыйынтыгын толук билбейм.
— Сиз айтып жаткан мыйзам бузуулар аныкталса башка директорду шайлоо эрежеси кандай, ал мыйзамда каралганбы?
— Ооба мыйзам да бар, Өкмөт бекиткен жобо да бар. Эгер башка директорду алып келүү муктаждыгы жаралса, мыйзам жана жобо боюнча журөк хирургия адистиги боюнча илимдин доктору даражасы бар, тармакта тынымсыз 10 жыл эмгектенген илимпоз шайлануусу керек. Ал адисти министрликтин көрсөтмөсү менен өкмөт жетекчиси бекитет. Коллектив кимди колдосо ошол болот деген примитив ой туура эмес. Себеби институт илимий мекеме жана өлкөдөгү эң чоң башкы жүрөк хирургиясы боюнча стратегиялык оорукана. Жөнөкөй адис эмес илимдин кандидаты да жетектей албайт. Өлкөдө ондогон ушундай кардиоборборлор бар. Ошолорго үлгү болуш керек. Демек директорго талапкердин илимий практикалык даражасы, авторитети салмагы башкалардан бир топ өйдө болушу зарыл.
— Өлкөнүн башкы кардиохирургу катары министрликтен сунуш түшсө директорлукка, иштеп оңдоп берүүгө макул болот белеңиз?
Туура, мен өлкөдө чоң эки Илимий кардиохирургия мекемесин, сиз айтып жаткан Бишкектеги НИИХСТОнун жана Жалал-Абаддагы ТАЖХИБтун негизде уюштуруп түптөгөн адаммын. Албетте тармакты оңдоо жана министрлике жардам берүү керек болсо мен дагы бир областка чоң илимий кардиоинститут уюштуруп берүүгө же башка иш берсе иштөөгө даярмын. Бирок мен барган жерде тартип, адискөйлүк жана өсүү принциптерин туу тутуп иштеген адаммын. Ким кимге дос, кимдин тууганы, жердеши же ж.б.у.с. башка өнүгүүгө тоскоол болгон факторлорду жоготуу биринчи приоритет катары карайм. Албетте ал өнүгүүгө жол ачат, оорулууларда ишеним үмүт бекемдейт, коллективге биримдик эртеңкиге ишеним берет. Бирок андай “ак каргалар” баарына жага бербейт өзгөчө кээ бир жетекчилерге. Ошондуктан мага тагдырдан тартуу болгон дагы башка ыйык милдеттерим бар ошолорду ишке ашыруу менин негизги максатым!
Ал эми он жыл мурун өзүм түптөп кеткен НИИХСТОнун коллективине жаңы жылда ден соолук, аманчылык, биримдик, адискөйлүк өнүгүү каалайм. Биз негизги ыйык милдетибиз оорулууну дарылоо, өмүрүнө өмүр улоо экенин унутпайлы урматтуу менин коллегаларым!