Домой Коом Кайрат ОСМОНАЛИЕВ, юрист: “Эгер Өмүрбек Текебаев ак болгондо анын адвокаты сот ишинин...

Кайрат ОСМОНАЛИЕВ, юрист: “Эгер Өмүрбек Текебаев ак болгондо анын адвокаты сот ишинин тезирээк башталышына кызыктар болмок”

47

  382871b7a4c4441935935793e279953a   —  “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши сотко өттү. Бирок, анын адвокаттары буга нааразы болуп сот ишин создуктурууга аракет кылууда. Эмне үчүн алар соттон качып жатат?

—  cialis chile. Эгер Өмүрбек Текебаев ак болгондо анын адвокаттары сот ишинин тезирээк башталышына кызыктар болмок. Бирок, булардын сотту создуктуруу аракети ар кандай ойлорду жаратууда. Эми Текебаевдин тагдырын сот гана чечет. Эгер анын күнөөсү жок болсо акталып чыгат, кылмышы далилденсе камалат.

— Мүмкүн сот ишин создуктурууга Текебаев өзү кызыктар болуп жаткандыр?

—          Негизи айыпталып жаткан тарап тергөө эртерээк бүтүп, иш сотко тезирээк өтсө деп кызыгат. Белгиленген мыйзам боюнча тергөө иши 2 айда аякташы керек. Эгер аны улантуу керек болсо Башкы прокуратурага кайрылат. Текебаев учурда СИЗОдо жатат. Ал ак болгондо өзү да сот ишин тездетүү боюнча адвокаттарга тапшырма бермек.