Икрамидин мырза, Ө. Текебаевдин адвокаттары анын ишинин сотко өткөнүнө каршы экендиктерин билдирип чыгышты. Алар айыпталуучуга иштин материалдарын карап чыгууга жетишээрлик убакыт бөлүнгөн жок деп Баш прокуратурага даттанышыптыр. Буга кандай пикирдесиз? depression pharmacy online uk.
— Эгерде кеп иштин материалдары менен таанышуу боюнча болуп атса, анда андай мүмкүнчүлүк сотто да бар. Иш сотко келип түшөөрү менен биринчи күндөн тарта процесс белгиленгенге чейин иштин материалдарын карап чыгууга эч кандай тыюу жок. Ө. Текебаевдин коргоочулары иш менен таанышып чыгышты, алар жөн гана созуп башташкан, ошондуктан мөөнөттү белгилешти. Бул жерде эч кандай Ө. Текебаевдин юристтеринин укугун бузуу жок. Ө. Текебаевдин адвокаттары сот процесси эртерээк башталышына кызыкдар болуулары керек.
— Эмнеге андай деп ойлойсуз?
— Себеби алар башкы социалисттин күнөөсү экендиги боюнча далилдер бар деп айтып келишет. Бирок, ошентсе да алардын создуктуруп жатканы, позицияларынын алсыз экендигин көрсөтүүдө. Алар аны күнөөсүз деп атышат, бирок кыязы андай эмес.