Домой Эне тил Сакалдын канча түрү бар? Шайлообек Дүйшеевдин кызыктуу ойлорунан

Сакалдын канча түрү бар? Шайлообек Дүйшеевдин кызыктуу ойлорунан

2930

Чал небереси менен

“Ак сакал” дейт. Жашы улуу, сакалы аппак карыяларды айткан. Ак сакал карыларды калк сыйлап, урматтап төргө олтургузган, устукандын улуусун, сыйлуусун тарткан. Жаштарга батасын алган. Калк кеп-кеңешин уккан.

Совет бийлиги менен кошо келген жаңы доор “аксакалдардын” жаңы, жасалма түрүн пайда кылган. Салт-санаабыздагы сый, урмат билинбей кошоматка, жагымпоздукка айланып олтуруп, адамдар кызмат даражасы чоң адамдарды, бийлиги, байлыгы бар адамдарды жашынын кичүү экендигине карабай “аксакал” дей баштаган. Акырындап аны менен төрдөн чыныгы аксакалдарга катар бийлик башындагы адамдар да орун алганга өткөн. Бул адат ошол бойдон калбай келатат.

“Аксакалдан” кийинкилерди “көк сакал” деген. “Ак сакал, көк сакалдардын баары келишти” дейт. Бул деген “улуу-кичүүлөрдүн баары келишти” дегени.

“Тытма сакал” деген бар. Калың, коюу сакалды ушинтип айтат.

Жумшак сакалды “Бетеге сакал” деп коет. “Куу сакал” деген да бар.

Тарак оңой менен өтө бербеген сакалды “чыпка сакал” деп коет.

Анда-санда бир чыккан сакалды “жулма сакал” же “көсөө сакал” деп коет.

Илгери Кытайдан кыргыз жергесине биринчи жолу келген манасчы Жүсүп Мамай атабыз Жазуучулар союзундагы жолугушууда Түгөлбай Сыдыкбековго кайрылып:
-Жашыңыз менден улуу болгон менен сакалыңыз жок экен,-деген болчу.

Түкөмдү карап алып күлүп калганбыз. Көрсө ал киши жердигинен сакал чыкпаган “көсөө” киши экен.

Ал эми бети-башынан бери жүн каптаган узун сакал кишини “Үкөк сакал” дейт экен. Коюу, калың сакалдын дагы бир түрүн “Серсакал” деп коет экен.

“Черкеш сакал” дейт. Орустарда муну “Черкешская борода” дешет. Тегиз, таза кыркылган сакалды ушинтип айтат.

Ээктин үстү жагына, астыңкы эриндин алды жагына коюлган кичине сакалды “ата сакал” деп айтат.

Сакалга байланыштуу каргыш кептер да бар. “Сакалың жулунгур!” дейт. “Сакалың кыркылгыр!” же “Сакалың өрттөнгүр!” деп да коет. Сакалдуу башы менен жаман иш жасаган адамдарды ушинтип каргаган.

“Бул айылда сакалдуу-көкүлдүү жок бекен?” дейт. “Бул айылда акыл-эстүү адам жок бекен?” дегени.

* * *

“Салаяк” деген сөз бар экенин бүгүн баарыбыз эле биле бербейбиз. “Салаяк” деген тай минген балдардын ээринин артына, канжыганын ордуна байланган кийиз баштыкты айтчу экен. Балдар азыр агездегидей тай минбей калбадыбы.

* * *

“Салгар жол” деген сөз да айтылбай кала берди. Тоону аралап кеткен чоң жолду “салгар жол” же “салкар жол” деп койчу экен кыргыз.

* * *

Эне тилибизде “обочо” деген сөз бар. Түпкү мааниси “коргон, дөбө, жапсар” деген мааниде болсо, кийинки мааниси “алысыраак, арыраак” дегенди түшүндүргөн. “Үйдөн обочо барып олтурушту” десе, “Үйдөн алысыраак барып олтурушту” дегенди түшүндүрөт. “Атты үйдөн обочо жерге байлады” дейт.

* * *

“Обор” деген сөз “соргок” дегенди билдирет. “Обору ачылып, бир койдун этин бир олтуруп жеп кетти” дейт. “Байкагыла, анын обору жаман, барган жерин ичип-жеп баса берчү эле” дейт. Бир жагынан “тамагы жаман” дегенди билдирсе, бир жагынан “алкымы жаман”, “алдым-жуттумдугу жаман” дегенди билдирет.

Эми “Обур” сөзүнө келели. “Обур уйдан чобур музоо туулат” дейт.

* * *

“Мурун чыккан кулактан кийин чыккан мүйүз озуптур” деген ылакап бар. “Атасынан баласы кыйын чыгыптыр” деген сөздү эстегиле.

Шайлообек Дүйшеев, “Азаттык”