Домой Коом Элим дегенде, күйүп-жанган инсан

Элим дегенде, күйүп-жанган инсан

110

(Мамлекеттик жана коомдук ишмер, генерал К.Орозалиевдин 70 жылдыгына карата)

Кеңешбек Орозалиев“Жылдар өтөт, бирин-бири кубалап, колдон келбейт, токтотуу аны дубалап”, — деп, акындын ырында калетсиз айтылгандай, кечээ эле өзүнүн 60 жылдык азем-тоюн чоң салтанат менен белгилеген Кеңешбек Орозалиев байкатпастан, минтип, 70тин кыл чокусуна чыгып олтурат. Анткен менен, генералдын таржымалына саресеп салып көрсөк, анда чиеленген, ар кыл турмуштук бай окуялар камтылып жатканына дароо эле көзүбүз жетет.

Өткөн кылымдын 46-жылында, дал ушул бүгүнкү 13-апрелде, кереметтүү Көл кылаасынын “жер соорусу Жети-Өгүздөгү” татынакай Ичке-Булуң айлында киндик каны тамган Кеңешбек, тагдыр ага тартуулаган өмүр жолун татыктуу басып өтүп, эл көзүнө көрүнгөн, эл оозуна алынган белгилүү ишмерге айланып олтурат. Бул деңгээлге ал бала чагынан тарта калыптанган тубаса зээндүүлүгү,  тырышчаактыгы, сезимталдыгы жана эрктүүлүгүнүн аркасы менен жете алды деп айта алабыз.

К.Орозалиев 1964-жылы айылдык орто мектепти аяктаар замат, Фрунзе политехникалык институтуна шыр өтүп, 5 жылдан кийин аны автотранспорт багыты боюнча инженер-механик деген кесипти алуу менен, ийгиликтүү бүтүрүп чыгат. 1969-жылы борбордогу М.В.Фрунзе атындагы айыл чарба машина куруу заводунун транспорттук цехинин диспетчери катары ишке киришип, эң адепки эмгек чыйырын чийет. Мына, дал ошол элестүү мезгилден тарта, 40 жыл бою, көптөгөн бийик жана маанилүү кызматтарды жогорку жоопкерлик менен аркалап, мойнуна жүктөлгөн милдеттерди кынтыксыз, так жана таза аткарып, өзү иштеген эмгек жааматтары менен жогорку жетекчиликтин бийик баасына татый алды.           Аталган орундарда өзүнүн уюштуруучулук чеберчилигин, бийик жөндөмдүүлүгүн далилдей алган жаш коммунист жооптуу саясий кызматка көтөрүлүп, партиянын борбордогу Биринчи май райкомунун, андан соң Фрунзе шааркомунун өнөр жай транспорттук бөлүмдөрүнүн нускоочусу болуп иштейт. Бул – К.Орозалиевдин кызмат баскычтары боюнча андан ары карай көтөрүлүшүнө кеңири жол ачып, ал Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин мамлекеттик автоинспекция бөлүмүнүн башчысынын, анын башкармалыгынын башчысынын орун басары жана КРдин Ички иштер министрлигинин борбордогу атайын бөлүмүнүн жетекчиси болуп, үлгүлүү да, жемиштүү да эмгектенди. Укук коргоо органдарында иштеп жаткандыгына байланыштуу, ал 1991-жылы КМУнун юридикалык факультетин “кызыл” диплом менен аяктап, “укук таануучу” деген кошумча адистикке ээ болгон.

Автоинспекция тутумунда иштеп турган чагында “Жол-транспорттук кырсыктарды алдын алуунун ыкмалары”, “Автосүйүүчүлөргө жардам” деген усулдук окуу куралдарын жазып чыгарды. Анын түздөн-түз жетекчилиги астында Республикалык МАИнин административдик имараты менен Автотранспортту техникалык жактан текшерип чыгуунун диагностикалык станциясы мөөнөтүнөн мурда курулуп, пайдаланууга берилген. Бул  ийгиликтери үчүн ага СССР Ички иштер министринин буйругу менен “милициянын полковниги” деген наам ыйгарылган.

К.Орозалиев 1994-1997-жж. кыргыз өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын деректиринин орун басары болуп бекип, бул жаңы мекеменин өсүп-өнүгүшү, ишмердигинин таасирдүүлүгүнүн күчөшүнө чоң салым кошкон. Өтө кыска мөөнөт ичинде Казакстандын чек арасындагы заманбап бажы постторун курууга, “Манас”  эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого кошкон салымы үчүн ага КРдин президентинин Жарлыгы менен Бажы кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси деген класстык чин (генерал-майор) ыйгарылган. Ал 1997-1999-жж. КРдин Улуттук коопсуздук министрлигинин Башкармалыгынын башчысы болуп иштеп, бул кызматтын полковниги деген кошумча наамга да ээ болгон.

 

60 млн. сомдон ашык салык төгүп…

К.Орозалиев да 1999-жылы, 53 жашында бошонумга (отставкага) кетип, ошондон бери карай, КРдин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуучу болуп эсептелет. Бирок, бейкапар, тынч жатып алганды  өмүрү жактырбаган ал, 1999-2009-жж. аралыгында “Гумус-Дан”, “Ак Жалгасын-Алко”, “Кубаныч-Кел” аталыштагы чакан бизнес (ишкер) компанияларды түзүп, алардын башкы директору катары, республиканын бюджетине 60 миллиондон ашык салык каражаттарын төктүрүүгө жетишкен.

К.Орозалиевдин мамлекет алдында сиңирген эмгеги акыйкат бааланып, ал эки ирет Кыргыз ССРнин ЖКсынын Ардак Грамотасы, ВЛКСМ менен КЛКСМ БКнын төрт мактоо  грамотасы, “Манас-1000”, КР милициясынын — төрт, Улуттук коопсуздук комитетинин – үч, Орусиянын “Ыйык князь А.Невскийдин” 1-даражадагы ордени, “Жеңиштин 60 жылдыгы”, “Тынчтык жана Достук” медалдары, Орусиянын Бажы академиясынын, Бүткүл дүйнөлүк Бажы уюмунун ж.б. мекемелердин көптөгөн төш белгилери, грамоталары жана дипломдору менен сыйланган. Ага өзү туулуп-өскөн айыл өкмөтүнүн, Жети-Өгүз районунун, Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу деген наамдар ыйгарылган. Ал: “Советтик милициянын мыкты кызматкери”, “Улуттук коопсуздук органдарынын эмгек сиңирген ардагери”, Орусиянын коопсуздук, коргоо жана укук сактоо Академиясынын академиги. К.Орозалиев өмүрлүк жары Айнагүл экөөлөп бир уул, эки кызды мыкты тарбиялашып, өз алдынча кеңири турмуш жолуна салышты. Уулу Урмат биздеги Америка университетин “кызыл” диплом менен аяктап, Берлин университетинин магистратурасын бүтүргөндөн кийин,  Бүткүл дүйнөлүк камсыздоо альянсынын Мюнхендеги европалык бөлүмүндө менеджер болуп иштеп, азыр анын Нью-Йорктогу борбордук офисинде бөлүм башчысынын кызматын аткарууда. Кызы Назгүл (атактуу Сүймөнкул Чокморовдун келини) биздин медицина академиясын “кызыл” диплом менен аяктап, “Бишкектеги ЮСАИД уюмунда иштеп туруп, Гарвард университетин артыкчылык диплому менен бүтүрүп алган. Азыр ал Канаданын Ванкувер университетинин профессору. Небереси Атай Нью-Йорк университетинин бакалавриатын артыкчылык диплому менен аяктап, жогоруда аталган Альянстын Канададагы бөлүмүндө  менеджерлик милдетти аткарып келүүдө. К.Орозалиевдин экинчи кызы Бакыт медакадемияны “кызыл” диплом менен аяктагандан кийин кандидаттык даражасын ийгиликтүү жактап, учурда ошол эле окуу жайында доцент болуп эмгектенүүдө.

Жакында ал өзүнүн өмүр жана эмгек жолун ар тараптан баяндаган “Элим үчүн күйүп — жанамын” деген көлөмдүү мемуардык китебин жарыкка чыгарды. Биз К.Орозалиевди ушул 70 жылдык кубанычтуу мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап, ага бекем ден соолук, бактылуу узак өмүр, коомдук ишмердигиндеги мындан ары жаңы ийгиликтерди каалап кетебиз!

Тилектеш Ишемкулов,
КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер