Домой Саясат ЖЭБ иши боюнча айыпталган Айбек Калиев менен Салайдин Авазов эркиндикке чыкты

ЖЭБ иши боюнча айыпталган Айбек Калиев менен Салайдин Авазов эркиндикке чыкты

23

«Улуттук энергетикалык холдинг» ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев менен «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов жаза өтөө мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу эркиндикке чыкты. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат катчы алар качан эркиндикке чыкканын айткан жок.

«Башка эч кандай маалымат бере албайбыз», — дешти басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак: 2017-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: «1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат», — деп жазылган.

Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын «жетишерлик эмес» деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо «коррупция» беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдингдин» мурунку директору Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, «Электр станциялары» ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.

super.kg