Домой Коом Оштогу мушташка катышкан УКМКнын кызматкери иштен алынды

Оштогу мушташка катышкан УКМКнын кызматкери иштен алынды

55

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2-январда Ош шаарындагы Sky Bar эс алуу жаында болгон окуя боюнча маалымат берди.

Анда УКМКнын кызматкери менен бажы кызматкери эс алуучу жайга келген адамды сабаганын социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышкан.

УКМКнын Ички коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнүн жана анын натыйжасында коомдук тартипти бузгандыгы, улуттук коопсуздук органынына шек келтиргендиги үчүн бул окуяга катышкан улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кызматтан алуу чечими кабыл алынган.

Учурда факты боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Аскердик прокуратура тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.