Домой Коом Мыйзамды уруп ойнобогон “фарм трейддин” “крышасы” ким?

Мыйзамды уруп ойнобогон “фарм трейддин” “крышасы” ким?

184

дары дармек

Саламаттык сактоо министрлигине тийиштүү «Фарм-Трейд» дарыканаларынын түштүктөгү филиалдарын (Ош ш. Курманжан -Датка к.287, Жалал-Абад ш. Б.Осмонов к. 116)  пландык текшерүүдөн өткөргөндө, бир нече мыйзам бузуулар табылган: КРнын  2003-жылдын 30-апрелиндеги  №91 «Дары-дармек каражаттары боюнча» мыйзамын  бузуусу катталып, эч кандай дары-дармек сатууга лицензиясы жок, фармацевтик иш алып барууга уруксат кагазысыз  иштеп жаткандгы айгинеленди. Албетте, бул жерде жеке  кызыкчылык ойноп турганы көрүнүп эле турат. Буларды ким колдойт да, кимдер “крыша” болуп жатат? Билгендер болсо, үн катпайсыңарбы? Эмесе,  “Фарм Трейддин” мыйзамсыз иштерине төмөндө көз чаптырыңыз:

Мыйзамсыз фармацевтик ишмердикти 2013-жылы ноябрдан баштаган.

КРнын ППнын 2011-жылдын 6-апрелиндеги №137 «Медициналык дары-дармек каражаттары боюнча» техникалык регламентинин талаптары да бузулган.

Сактоочу кампанын аянты да туура келбейт:

  1. дары- дармектерди  кабыл кабыл алуу бөлүмү — 20 кв м. кем болбошу керек. Жогорудагы эки аптекада тең жок.
  2. медикаменттер сакталуучу жай — 70 кв.м болуш керек. Жалал-Абаддагы аптеканын склады — 117 кв.м. Оштогу аптеканыкы — 220 кв.м.
  3. карантин аймактарган багышталган, өзгөчө камкордукту талап кылган дарылады сактоочу жайлары жок.
  4. Экспедитиция бөлүмү жок.
  5. кызматтык-чарбалык кампа жок

Эске алуучу жагдайлар:

— складдын төбөсү турак үйдөн жогору болуп, нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүүгө болбойт

— өзүнүн формацевтик милдеттерин профессионалдуу аткарууга , жетиштүү деңгээлдеги квалификациялуу персоналдын жетишсиздиги,

— дары сакталган кампада фармацевтикалык жогорку билими, квалификациясы жана тажрыйбасы  жок адис башчылык кылууда;

Төмөдөгүлөр жок:

— мекеменин ремонту,

— Сыртында ак түскө жашыл менен крест тартылып, жашыл тамгалар менен «Дарыкана кампасы» — «Аптечный склад» деп эки тилде жазылуу керек эле,

— Жылуулук системасы, суу менен камсыздоо, канализация, желдеткич,

— админстративдик-чарбалык жай,

— атайы жууп-тазалап, ирээтке келтирүү каражаттарын сактоочу атайын орун же гардероб жок.

— жайдын ичи жана каражаттар тазалык шартына жооп бербейт,

— тоңгон абалда кармалуучу дарыларга муздаткыч камералары жок,

— Абанын параметрлерин ченеп туруучу  приборлор жок жана ал атайын журналга катталбайт,

— дарыларды өзүнчө бөлүп сактоочу темир шкафтардын жана сейфтердин жоктугу,

— сыртка атайын кийимди сактоочу шкаф жок,

— санитардык режимди камсыздоочу дезинфекциондук каражаттар жок. Мекеменин ичи таштанды жана чаң баскан.

Эч кандай тастыктоочу  докуменисиз эле түштүк регионундагы өткөрүлгөн ар кандай дары -дармек тендерлерине катышып келишкен.

Бул билингендери эле. Билинбегени канча дейсиз?

лицензия