«Көсөөнүн акылы түштөн кийин» демекчи, Аликбек Жекшенкулов аттуу агабызга эми «акыл кирип» бараткансыйт. Ал жакында эле маалымат булактарынын бирине маек куруп, «26 жылдан бери саясатчылар элибизге тил эмизип келишүүдө. Убадалар берилгени менен баары сөз түрүндө калууда. Учурда кыргыз мамлекетинин келечегине кайдыгер карабаган, мекенчил, кыргыз мамлекетине күйгөн саясатчылар акаевчи, бакиевчи же азыркы бийликчил деп бөлүнбөй, ниети таза, тарыхы баскан жолу таза, кары жашына карабай баардык жаратман саясатчылар биригишибиз керек», деген пикирин айтыптыр.
«Баракелде» деп коелу, албетте биригүү деген жакшы нерсе. Бирок, кандай максатта биригиш керек? Бийликке келип, кыргыздын жерин улам четинен кертип сатып, байыш үчүнбү? Аликбек мырза ошол өзү айткан «кыргыз мамлекетине күйгөн саясатчылар» кимдер экенин атоодон коркот. Себеби түшүнүктүү, өзү айтмакчы биринин атын атаса, экинчиси унутулуп калышы мүмкүн. Ал азыр колунан келсе, оппозиция жээгинде жүргөндөрдүн бардыгын өзү айткан категорияга киргизип салгысы келип атат. Эң башкысы ошолордун кимиси бийликке келип калса да, «мен ушинтип айтпадым беле, эми мени да унутпагыла ээ?» дегенди кыйыткысы келет.
Анын үстүнө ал «азырынча аттарын атабай эле турайынчы» деп ичинен сыр кылып аткнадардын көпчүлүгү эле басып-өткөн таржымалында илинчектери көп саясатчылар. Өзү да андайдан куру эмес. Маселен, Т. Сариев өкмөт башчысы болуп турган чакта ызы-чуу болгон Үңкүр-Тоо маселесинин түбү келип А. Жекшенкуловго жана анын ошол убактагы «шефи» К. Бакиевге келип такаларын жакшы билип калбадыкпы? Ал убакта ТИМди жетектеп турган Аликбек мырза Өзбекстанга адегенде өзү барып, Үңкүр-Тоону Өзбекстандыкы деп тапкан протоколду даярдатып салып, андан кийин гана К. Бакиевдин ал жакка барышына жол ачып берип атпайбы. Же муну тана алабы? Анан кантип аны «кыргыз мамлекети үчүн күйгөн саясатчы» деп айта алабыз?
«Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун камалышы саясий көрсөтмө экенин оркоюп эле көрүнүп турат, мыйзамдуулук жөнүндө болсо айтыш кыйын. Президент кетээрде мынча душман күтүп эмне кылат? Бул логикага жатпайт. Кетип жаткан адам баары менен сый болуп, жакшы маанайда кетиши керек эле. Бүгүн сын такмай, карама-каршылык, саясий тиреш күчөп, саясатчылар арасында бири-бирин жек көрүү, көрө албастык сезимдер күчөп кетти», — дейт ошол эле маегинде Жекшенкулов. Демек, анын логикасына таянсак, президент Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктап баратканына байланыштуу эч кандай душман күтпөй, бардыгын эле маңдайынан сылап, бардык эле мыйзамсыз көрүнүштөргө көз жуумп отура бериши керек болчу экен да? Ошондой президенттин кереги барбы? Коррупцияга каршы күрөштө «душман күтпөйүн» деген принцип менен иштесең, иш алдыга жылабы?
Анан дагы Ө. Текебаев менен С. Жапаровдун камалышы «саясый көрсөтмө» экени кайсыл жерден оркоюп көрүнүп турат? Же Жекшенкуловдун көзү ачылып баратабы? Текебаев россиялык ишкер Маевскийден 1 млн доллар алганы ачыкка чыгып атса деле, «кой, саясый көрсөтмө болуп калат» деп тийбей коюш керекпи? С. Жапаров 2013-жылы Ысык-Көл облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым өкүлүн барымтага алуунун , «өрттөйм» деп коркутуунун уюштуруучусу болгон болсо деле, «кой, саясый көрсөтмө» деп Жекшенкулов айтып жүрбөсүн деп унчукпай коюш керек беле?
Деги эле Жекшенкулов өзү сүттөй таза саясатчыбы? Башкаларга сын тагып, пикир айтардан мурун өзү ошол эле Үңкүр-Тоо маселесинин «түйүнүн» чечип берип койсунчу…
Азамат Кангелдиев