Домой Саясат УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары алмашты

УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары алмашты

47

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги Бекташов Курсанбек Урбаевич ээлеген кызматынан бошотулду.

Ордуна Маралбаев Марат Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.