Домой Аналитика Султанбай Айжигитов: Ворухка жол берүү Кыргызстандын бүтүндүгүнө коюлган мина сыяктуу

Султанбай Айжигитов: Ворухка жол берүү Кыргызстандын бүтүндүгүнө коюлган мина сыяктуу

73

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча акыркы сүйлөшүүдө кол койгон протоколду тажик тарап биринчилерден болуп келишимди ачыкка чыгарды. Анда Тажикстандын Кожалы айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду эки тарап биргелешип курууну макулдашканы маалым болду. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап Кыргызстан менен кошо салат жана колдонот. Бул маалыматты кыргыз өкмөтү ырастады. Баткен облусунун экс-губернатору Султанбай Айжигитов бул чечимди өтө чоң катачылык, түшүнүксүз иш катары баалады.

Анын айтымында, коридорду эки өлкө чогуу курат, бирок жыйынтыгында башкаруу Тажикстан тарапка өтүп, толугу менен алардын жери болуп калат. Коридор курулары менен, анын бир бети Баткен районун жарымы, Лейлек району жана Сүлүктү шаары толугу менен бир анклав болуп, экинчи жагы башка анклав болуп калуу коркунучу бар экенин, ошондой эле тажик тарап бара-бара кысым көрсөтүү менен элди чыгарып, коридордун күн батыш жагын толук өзүнө ээлик кылып алышы мүмкүн экенин эскертти.

“Эгерде жол курула турган болсо, анда коридор өтөт. Демек Баткен районунун жарымы, Лейлек району, Сүлүктү шаары толугу менен бир анклав болуп, ары жагы экинчи анклав болуп калат. Бул улуттук кызыкчылыкка каршы келген протокол түзүлдү “,-деди Айжигитов.

ua.kg