Домой Аналитика Судья Ч. Бердимуратов Ж. Молдокматовдон башка дагы кайсы саясатчыларды камаган

Судья Ч. Бердимуратов Ж. Молдокматовдон башка дагы кайсы саясатчыларды камаган

293

Биринчи май райондук соту саясий иштерди караган сот экенин көпчүлүк билет. Ал сот көптөгөн саясатчыларды камайт, бирок жыйынтыгында соттолгон саясатчылардын бардыгы акталышууда. Жакында эле Ө. Текебаев, Д. Чотонов, Б. Асановтор акталышты.

Бирок, ал райондук соттун ичинде дагы өзгөчө саясий иштерди караган судьялар бар. Алардын бири Бердимуратов Чыңгыз Муртазакулович.

Судья Ч. Бердимуратов бүгүн оппозициялык саясатчы Ж. Молдокматовту 2 айга камака алды.

Айта кетчү дагы бир жагдай, С. Жээнбековтун убагында дагы Ч. Бердимуратов, Кой -Таш окуясы боюнча, саясатчылар Р. Жээнбековту, А. Кодураңованы, М. Мискенбаевти, К. Сагынбаевти, К. Жолдубаеваны дагы камака алган.

Newt TV