Жарандык активист Тилекмат Күрөновго издөө жарыяланды. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан уулу бүгүн, 10-январда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган адамдардын жакындары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, Кылмыш-жаза кодексинин 277-беренеси боюнча айыпталгандардын, тактап айтканда массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалгандардын камоо мөөнөтү 20-февралга чейин узартылган.
“Учурда 24 адам камакта, экөө үй камагында. Бир жаранга издөө жарыяланган. Тергөө иштери боюнча лингвистикалык, политологиялык, техникалык экспертизалар дайындалган. Анын негизинде дагы чечимдер кабыл алынат”, — деди Нурдин Эшимкан уулу.
Белгилей кетсек, буга чейин жарандык активист Тилекмат Күрөнов саясий куугунтуктан улам Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген. Ал Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, суу сактагычты коргоо комитетинин мүчөсү болгон.
Буга чейин Тилекмат Күрөнов «бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого» айыпталып, 1 жылга, ошондой эле «добуш сатып алууга» айыптуу деп табылып, дагы 6 айга, жалпы 1,5 жылга эркинен ажыратылган. Ал өзүнө ачылган кылмыш ишти куугунтук катары баалаган. Активист жаза мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу абактан чыккан.
Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын туугандарына ИИМдин имараты алдында митинг өткөрүүгө уруксат берилбей жатат. Милиция кызматкерлеринин айтымында, Биринчи май райондук соту райондун аймагында митинг өткөрүүгө тыюу салган.