Домой Коом Жээнбеков Манастын айкелинин ачылышына катышуу үчүн Түркияга учуп кетти

Жээнбеков Манастын айкелинин ачылышына катышуу үчүн Түркияга учуп кетти

59

usa meds cheap baclofen.

SAB_9161

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Түркия мамлекетине учуп кеткендигин өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

«Өкмөт башчы Стамбул шаарында Айкөл Манастын айкелинин ачылышына катышат. Ошондой эле Манас тууралуу китептин бет ачарына жана «Манас» эпосунун негизинде коюлган спекталди көрөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Жээнбеков түркиялык кесиптеши Бинали Йылдырым менен жолугары айтылды.

Ошондой эле бул күндөрү Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү да премьер-министр менен жолугушат.

Булак: Sputnik.kg