Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстарын пайдалануу жана курулуш башкармалыгы ордо калаадагы мыйзамсыз орнотулган объекттерди алдгандыгы тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыш менен курулган жалпы аянты 40 чарчы метрди түзгөн тосмо сүрдүрүлдү. Ал жеке менчик болгондуктан кызыл сызыктуу тилкеге кирип кеткен.
Мындан тышкары өз ыктыяры менен Фрунзе №163 дарегиндеги тосмо, Дордой конушунда дагы мыйзамсыз орун алган объект алынды.