Домой Коом Түркиядагы кыргыз келиндин өлүмү. Шектүүлөр кармалды…

Түркиядагы кыргыз келиндин өлүмү. Шектүүлөр кармалды…

9

Түркияда кайнатасы кыргыз келинин мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелип кармалды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазыштууда.

Маалыматка ылайык, 65 жаштагы Фехми Адсыз аттуу киши өзүнүн Кыргыз өлкөлүк 31 жаштагы келини Аят менен урушуп кеткен. Окуя болгон күнү келиндин күйөөсү үйдө болгон эмес. Каргашалуу окуя Текирдаг шаарында болгон. Келин эки баланы тарбиялап келгени маалым болду.

Фехми менен Аяттын ортосундагы оозеки жаңжал мушташка айланып, жыйынтыгында эркек кыргыз келинди бычактап өлтүргөн. Келининин сөөгүн жашыруу үчүн аны бөлүктөргө бөлүп, анын бир бөлүгүн таштанды челегине ыргытып, экинчисин сандыкка жашырган.

Бул убакта өлтүрүлгөн аялдын кайненеси үйүнө кайтып келип, эмне болгонун көрүп, ал кошуналарына жардам сурап кайрылган. Алар өз полиция чакырышканы айтылат маалыматта.