Домой Дүйнөдө Кыргызстан Түркияга жардамга куткаруучу жөнөттү

Кыргызстан Түркияга жардамга куткаруучу жөнөттү

48

Кечээ, 6-февралда Түркия Республикасына кыргызстандык куткаруучулар жардамга жөнөтүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Түркияга 63 адам жөнөп кетти. Алар 20 күнгө жетерлик тамак-аш, издөө жана куткаруу иштерине керектүү шаймандарды ала кетишти. Мындан сырткары, урандылардын астынан адамдарды издөө үчүн 2 ит тартылган.

Жардам берүүгө жөнөтүлгөн топто куткаруучу, дарыгер, фельдшер, психолог жана кинологдор бар. Жакын арада Түркия Республикасына гуманитардык жардам да жөнөтүлөт.

Түркияда 7,4 жана 7,7 баллдык жер титирөө болду. Анын кесепетинен Түркия менен Сирияда 1 миңден ашуун адам каза болуп, 6 миңден ашуун киши жаракат алды.

Түркияда 3 миңге жакын имарат урады.