Домой Криминал Жалал-Абаддан качып, Пермден кармалды

Жалал-Абаддан качып, Пермден кармалды

37

Пермь

Россиянын Пермь шаарында Жалал-Абаддык 21 жаштагы издөөдөгү неме колго түшкөн. Ал өткөн жылдын октябрь айында аталган облустун бир кыштагында бычак менен бир кишини өлтүрүп, экинчисин жарадар кылып туруп Россияга  качып кеткен. Анан ал жакта да жөн жүрбөй, бир алсыз адамды мазактаган. Ошондон соң Пермдин темир жол вокзалынан кармалып жатпайбы. Алсыз адамды кордогон үчүн орустардын мыйзамы менен 5 жылдан өмүр бою кесилгенге чейин жазаланат экен. Азыр ал кылмышкерди Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иштер жүрүп жатат.