Домой Ден-соолук COVID-19: Коронавирус жаңы табылган 71 кишинин көбү Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда

COVID-19: Коронавирус жаңы табылган 71 кишинин көбү Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда

37

Кыргызстанда 22-сентябрга карата 71 адамдан коронавирус табылды. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 114ү айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Жаңы катталган учурлар:

  • Баткен облусу – 20;
  • Ош облусу — 17;
  • Жалал-Абад облусу – 13;
  • Чүй облусу — 8;
  • Ысык-Көл облусу — 5;
  • Бишкек шаары — 4;
  • Ош шаары — 2;
  • Талас облусу — 2.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45542 ​кишиге жетти. Алардын 41 796сы сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.