Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкуловдун билдирүүсү боюнча Кыргызстанга жашаганга мыйзамсыз түрдө укук алган кытайлар дүңү менен суралып жатат. 2010-жылдан бүгүнкү убакка чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын элди каттоо жана атуулдук абалды актылоо департаментинин кызматкерлери 996 кытайлыкка биздин өлкөдө жашоого мыйзамсыз түрдө улуксат берген. Демек, чоң акча ойногон эмеспи… МККнын жетекчилиги билдиргендей, аталган мыйзамсыз иштер болуп турган кезде Департаментти Дүйшөн Сатыбалдиев деген жетектеп турган. Сатыбалдиев дагы бир мыйзамсыз кылыгы үчүн качып жүрүп, былтыр 28-октябрда Бишкектен кармалган. Азыр камакта.