Санкт-Петербург шаарында 38 жаштагы мугалим педофилдик боюнча кылмышка шектелип камакка алынды. Ал өз үйүнө компьютердик кружок уюштурдум деп балдарды үйүнө алып барып алар менен сексуалдык кылыктарды жасап турган. Аталган педофилдин үстүнөн укук коргоо органдарына 11 жаштагы эки окуучунун энелери кайрылган да, 2015-жылы 13-августа кармалган. Бул педофил 1998-жылы туулган кыргызстандык бала менен да сексуалдык катышта болгон. Педофил азыр Санкт-Петербургдун “Кресты” деген СИЗОсунда олтурат.