Февраль айынын акыркы күндөрүндө Кыргызстанга Индиянын Дели шаарынан бөйрөк алмаштыруу боюнча дарыгерлер тобу келишти. Бул алардын Кыргызстанга болгон алгачкы сапары. Иш сапардын алгачкы күнүндө дарыгерлер республикалык Улуттук хирургия борборунун бөйрөк-боор алмаштыруу бөлүмүндө болушуп, дарыгерлер менен пикир алышып, оорулуулардын абалы менен таанышышты. Индиялык дарыгерлерди борбордун директорунун орун басары Эрнис Тилеков кабыл алып, өз ара пикир алышып, андан соң оорулуулар жаткан палаталарга баш багышты. Ушул жерден айта кетүүчү нерсе, Индияда ультра заманбап аппараттардын жетиштүүлүгү, дүйнөлүк деңгээлдеги хирург-трансплантологдордун зор тажрыйбасы бардыгынан улам органдарды алмаштыруу операциялары ийгиликтүү жүргүзүлүп келет. Индиядагы “Фортис Хелскеа” жана “Апостол Хоспиталс” госпиталь тармактары органдарды алмаштыруу боюнча дүйнөдөгү эң жогорку деңгээлдеги жыйынтыкты көрсөткөн программалардын алкагында иш алып барышат. Мисалга алсак, 2012-жылы “Аполло Хоспиталс” 929 орган алмаштыруу операциясын жасаган. 15 жылдык ишмердүүлүгүндө бул госпиталь 800дөн ашуун боор, 7000ден ашуун бөйрөк алмаштырган. Мындай татаал операцияларды жасоо үчүн Индияда эң мыкты шарттар түзүлгөн. Алар төмөнкүлөр:
Индияда орган алмаштыруу боюнча дүйнөдөгү эң ири программалары бар;
Орган алмаштыруу боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги борборлору бар;
Орган алмаштыруу боюнча операциялар эң мыкты натыйжаны көрсөтөт;
Ооруну изилдөө жана хирургиялык дарылоо үчүн ультразаманбап аспаптарга ээ;
Дүйнөлүк деңгээлдеги хирург-трансплантологдор иштешет;
Органдарды алмаштыруу эң арзан баада жүргүзүлөт;
Оорулуулар кезек күтүп саргайышпайт – дарылоо ошол замат башталат;
Индия оорулуулар үчүн дарылоо убагында эң төмөнкү баадагы жашоо шартын сунуштайт.
Биз делегацияны баштап келген доктор Амид Кумарга алардын Кыргызстанга болгон иш сапарынын максатын сурап кайрылганыбызда ал буларга токтолду:
-Бул биздин Кыргызстанга болгон алгачкы иш сапарыбыз. Индиянын Дели шаарынан келдик. Биздин максат – медициналык туризм аркылуу адамдарга жакшылык кылуу. Биз сиздердин Саламаттык сактоо министрлигиңиздер менен буюрса жакшы келишимге кол койдук. Бул кыргыз эли үчүн абдан жакшы нерсе. Эми сиздердин оорулуулар бизге келип, бөйрөк алмаштыра алышат. Биздеги дарылануунун артыкчылыгы – бизде эң арзан баадагы бөйрөк алмаштыруу операциялары жүргүзүлөт. Биз бул жерде оорулууларды бекер кабыл алабыз. Эртең Ош шаарына барып, ал жерде да оорулууларды карайбыз. Мынабу мени менен келген дарыгерлердин баарысы Америка, Лондон сыяктуу ири мамлекеттерден билим алгандар.
Делегациянын курамы – кардиохирург, травматолог, онколог жана бөйрөк менен боорду трансплантациялоо боюнча адистерден турат. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Индия тараптан демилгеленген акция эки тараптын медицина тармагындагы кызматташуусун жакшыртып, кыргызстандык дарыгерлерге консультативдик-методикалык жардам көрсөтүү багытын көздөйт.
Улуттук хирургия борборунун директорунун орунбасары Эрнис Тилеков буларды айтты:
-Индиянын Дели шаарынан келген дарыгерлер тобу тажрыйба алмашуу, биздин дарыгерлерге консультативдик-методикалык жардам көрсөтүү, медициналык туризм багытында иштерди өркүндөтүү максатында алгач ирет келип олтурушат. Учурда Кыргызстанда бөйрөк-боор оорулары абдан көбөйгөн кези. Ошого жараша бул органдарды алмаштырууга муктаж болгондордун саны да жетишээрлик. Индияда бул органдарды алмаштыруу арзан баада жана жакшы натыйжалар менен жасалат экен. Албетте, биз да бул дарыгерлерден билбегенибизди сурап, билгенибизди биз да аларга үйрөтүү максатын көздөйбүз. Медицина күн санап алдыга жылган биздин учурда мындай тажрыйба алмашуулар эки тарапка тең пайдалуу экендигинен шегибиз жок.
Назгүл Осмонова