Домой Кырсык Индияда үч поезд кагылышып, 280ден ашык адам каза болду

Индияда үч поезд кагылышып, 280ден ашык адам каза болду

46

Индиянын Одиша штатында поезддердин кагылышынан каза болгондордун саны 288 кишиге жетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Буга чейин кырсыктан 30 адам каза тапканы кабарланса, кийин Indian Express 233 адам өлүп, 900 адам жарадар болгонун жазган.
Поезддер жума күнү Баласор шаарына жакын жерде кырсыктаган. Темир жол агенттигинин маалыматына караганда, Калькуттадан Ченнайга бараткан жүргүнчү поездинин 10-12 вагону жүк ташуучу поезд менен кагылышып, рельстен чыгып, карама-каршы рельске кулап түшкөн. Бир канча убакыт өткөндөн кийин дагы бир жүргүнчү поезди аларды сүзүп, анын кесепетинен ичинде кишилер бар дагы үч-төрт вагон рельстен чыгып кеткен.