Мобилдик телефондор менен смартфондордон көп окуган адамдар акыл алсыздыгына туш болушат. Бул окумуштуулардын көп жылдык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы. Алардын ою боюнча, экрандан окуу адамдын эс-тутумуна зыянын тийгизет. Мындан тышкары, смартфондор менен телефондорду көп колдонгон адамдар убакыттын өтүшү менен көрүүсү начарлап, спондилез (омуртканын жабыркашы) оорусуна чалдыгышат. Заманбап технологиянын адамдын акыл-эсине жана кыймыл-аракет системасына тийгизген терс таасирин төмөндөтүү үчүн Кытайдагы айдоочуларды даярдаган бир мектепте телефондон окуу үчүн атайын жай ачышкан.