Кудай буюруп бул жылыбыз да жакшы өттү. Адамзатка биринчи иретте ден соолук менен тынччылык керек. Эгерде тынччылык болсо, калганын адамдар жасап алат, жаратып алат. Бул жылыбыз да элибиздин аманчылыгынын, бейпилчилигинин жылы болсун!
Азыр дүйнөдөгү окуяларга көз жүгүртсөк кылымдар болуп келаткан майда-барат согуштар болуп жатат. Адамзат тирүү турганда согуштар боло берет турбайбы… Сириядагы согуш азга басаңдап калгандай. Ал ортодо дүйнөдөгү кубаттуу эки державанын — Россия менен Американын мамилеси жаман деп айтылчу абалда турат. Мындан эки айдай мурун атомдук согуң чыгып кетиши мүмкүн деген да коркунучтуу кеп чыккан. Кудая тобо дейли, андай болгон жок. Дүйнөнү кеп кылганым, дүйнө тынч болсо биз дагы тынч болобуз дегеним эмеспи… Кыргызстандын тышкы жана ички абалы да жаман эмес, буюрсун!
Биздин улуттук хирургиялык борборубуз, буюрса, калыбында иштеп жатат. Биздин жамаат атайын чогулуп алгансып жалаң гана таланттуу хирургдардан, медсестралардан жана башка жардамчы кызматкерлерден турат. Бирин -бири жамандоо, аноним кат жазуулар, ишине «жүр нары» мамиле жасоо, ж.б. жамандыктар жок. Жанагы «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» деген кеп дал ушул биздин жамаатка ылайыкталып айтылгандай. Чындыгында ишибиз аябагандай оор. Эгерде чын дилиңди берип иштесең, ошол оор ишиң алда канча жеңилдеп берет. Муну мен өз тажрыйбамдан билем. Жамаатыбыздагы мыктылардын мыктыларын санай кетейин: Тилеков Эрнис, Акматов Таалай, Сыргаев Дүйшөн, Алыбаев Эрнис, Калжакеев Абдрасул, Самаков Алмаз, Чынгышева Жамила, Болпонова Алмагүл, Рустанбекова Седеп, Осмоналиева Гүлжамал, Жортучиев Руслан, Абдуллаев Жакып, Иманов Болот… Ушул жерден бүтүндөй жамааттын атын атагым келет, бирок, антигө болбойт эмеспи… аты чыкпай калгандары мага таарынбайт.
Кыргыздай ыймандуу улут бул жарыкчылыкта жоктур деп ойлойм. Ошол ыймандык сапаттар менен чоңоюп, алар менен турмуш өтөдүк. Баарын кайдан айтмакмын, азын эскере кетейин.
Жолдогу жолоочуну алдынан чыгып токтотуп ак сунуп турган, бечараны көрсө жардам берүүгө шашкан, бирөөнүн кайгысын өзүнүкү кылып турган, барга көппөгөн, жокко чөкпөгөн, улууну сыйлап, кичүүдөн ийменген, кызы созулуп төрдө олтурган, келини үйгө алды менен кирип, арты менен чыккан, ар дайым тобо келтирип, топук кыла жүргөн улут да ушул кыргыз. Кээде туруп кыргыз болуп жаралганыма сыймыктанып алмайым бар.
Өзүм болсо, кудай аман койсо, ушул жылы 90го чыгам. Улуттук хирургиялык борборунун деректирдик кызматын уулума, медицина илимдеринин доктору Канатка бергем, өзүм болсо «ардактуу деректирмин». Канатым да мени уят кылбай дурус жетекчи болуп келатат. Өмүрүн берсин… Жаштыгым эске түшөт. Ал кезде Бишкегибиз Фрунзе эле. Мына ошол Фрунзеге келгем, бутумда жүн байпак менен бир тапичкеге окшогон нерсе, жонумда баштык, ичинде талкан. Бир ооз орусча билбейбиз. Ысык күндө баягы жүн байпагым бат эле бир капталы жыртылып да калды, тапичкемдин кейпи кетти. Карточка менен нан алабыз, кошумча кылып талканыбызды сууга чылап ичебиз… Мына ошондой кыйынчылык заманда «өлсөм-талсам да окуумду бүтөм» дегем. Сөзүмө турдум. А кезде биздин дил барактай ак болчу. Эптеп курсакты тойгузуп анан билим алуубуз керек эле… Азыр эмне, элдин курсагы ток, тамакты тандап жеп калган кез, тойдон-той берилип, эмне кылып шапар тебүүнү билбей жинди болуп жаткандар да толтура. Мына ушундай учурда ачкөздүк деген күчөйт экен, пейил кетет экен. Ушуларды ойлоп, адамдын курсагын тойгузбаш керек деп да ойлоп калам…
Мына, бүгүнкү убакка чейин күнүнө 4-5тен операция жасайм, жалпысынан 30 миңден ашты го… Айта кетейин, мен жумушка, чакырган жерге, ар түрдүү чогулуштарга… бир мүнөт кечигип көргөн жан эмесмин. Көздөгөн ишимди жасайм, берген убадамды аткарам. Буга көнүп алган кишинин аткарган иши да, дегеле жалпы жашоосу да жеңил болот. Азыр менде баары бар, мамлекетибиздин, чет элдик сыйлыктардын түрү, «Эл баатыры», «академик» деген наамым, калың элимдин сыйы бар. Менин каалаганым эле элимде тынчтык болсун, бала-чаканын жамандыгын көрбөйүн дейм…