Домой Дүйнөдө Индияда атайлап ар бири 1 миң долларга бааланган 2,5 миң кериктин мүйүзүн...

Индияда атайлап ар бири 1 миң долларга бааланган 2,5 миң кериктин мүйүзүн өрттөштү

35

Индиянын Ассам штатынын бийлиги Эл аралык керик күнүнө карата 2500гө жакын кериктин мүйүзүн өрттөштү. Бул тууралуу «Hindustan Times» басылмасы жазды.

Тактап айтканда 2479 кериктин мүйүзү атайын даярдалган темир жабдыктарда, стадиондо өрттөлдү. Муну менен бийлик өкүлдөрү кериктин мүйүзүнүн дарылык касиети жок экенин, сейрек кездешкен айбанаттарды өлтүрүүнүн кажети жок экенин көрсөткүлөрү келишкен.

«Бул иш-чара менен дүйнө жүзүнө индиялык кериктин мүйүзүндө эч кандай дарылык касиет жок экенин жеткиргибиз келет. Биз адамдарды бул сейрек кездешүүчү жаныбарды өлтүрбөөгө жана ырым-жырым, уламыштарга ишенип, алардын мүйүздөрүн сатып албоого чакырабыз. Биз кериктердин көбөйүшүнө шарт түзүп беришибиз керек», — дейт Ассам штатынын министри Химанта Бисва Сарма.

Анын айтымында, өрттөлгөн мүйүздөрдү браконьерлерден алышкан. Ошондой эле 1979-жылдан бери улуттук парк жана коруктарда өлгөн кериктердин мүйүздөрүн кесип алып, аларды сактап келишкен.

«Айрымдар мүйүздөрдү жок кылуунун ордуна, сатыш керек болчу деп айтып жатышат. Бирок табылып, алынган баңгизаттарды сатууга болбой тургандай эле, өкмөт дагы индиялык кериктердин мүйүзүнөн киреше таба албайт», — деди министр.

Ал мындан кийин өлгөн кериктердин кесилип алынган мүйүздөрү узакка сакталбай турганын, жыл сайын өрттөлүп турарын айтты.

Индиялык кериктердин мүйүздөрү дарыланууда пайдалуу экени илимий жактан тастыкталган эмес. Бирок аларды Кытай, Вьетнам жана башка азия өлкөлөрүндө салттуу медицинада колдонуп келишет. Бир мүйүз 1 миң долларга бааланат, ошондуктан Азия жана Африкада кериктерди жок кылуу күч алган.

Өрттөлгөн мүйүздөрдүн ичинен эң узуну — 75 сантиметрди, эң оору — 3 килограммды түзгөн. Өрттөлгөн мүйүздөрдүн жалпы салмагы 1305 кг болду.