Домой Коом «Жылдын меценаты» конкурсунун жеңүүчүлөрүнө «Ак жүрөк» наамы ыйгарылды

«Жылдын меценаты» конкурсунун жеңүүчүлөрүнө «Ак жүрөк» наамы ыйгарылды

316

19-февралда Кыргызстан­дын булуң-бурчтарында миллиондогон сомдук кайрымдуулук иштерин жүргүзүп, бала бакчаларды, мектептерди, мечиттерди, көпүрөлөрдү жана башка ондогон социалдык жайларды курган меценаттардын аты аталды. Алардын арасында буга чейин аты коомго белгисиз, бирок кайрымдуулук иши менен элдин жыргалчылыгы үчүн көптөгөн долбоорлорду, программаларды ишке ашырган инсандар болду.

Жылдын меценаты - 2015

«Ак жүрөк» наамына татыган инсандардын ысымдары борбордогу Ю.Фучик атындагы паркта орнотулган Эл аралык «Айкөлдүк» кайрымдуулук фондунун эстелик гранит ташына аттары чегилип жазылып, түбөлүккө үлгү катары калат.

«Айкөлдүк» эл аралык кайрымдуулук фондунун «Ак жүрөк» белгиси менен төмөнкүлөр сыйланды:

Баткен облусунун, Сүлүктү шаарындагы «Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Халбеков Абдилазиз Асанович 2015-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жасаган кайрымдуулук иштери үчүн (1 млн. 300 миң сом).

Араван районундагы «ЮКСМ» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Атабаев Даниярбек Сүйүнович 2015-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жасаган бараандуу иштери үчүн (4 млн. 573 миң сом).

Ош шаарындагы спорт мектебинин машыктыруучусу Камчыбеков Калмат 2015-жылы спорт тармагына жасаган кайрымдуулук иштери үчүн (1 млн. 300 миң сом).

Жалал-Абад облусунун, Тогуз-Торо районундагы жеке ишкер Токтожумаев Урмат Акматбекович 2015-жылы билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында жасаган бараандуу иштери үчүн (1 млн. 700 миң сом).

Нарын шаарындагы жеке ишкер Жусаев Муса Токонович 2015-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жасаган ири кайрымдуулук иштери үчүн (2 млн. 590 миң сом).

Талас облусунун, Кара-Буура районундагы «Рахат» жоопкерчилиги чектелген коомунун курулуш жетекчиси Мырзабаев Рысбек Байсылдаевич 2015-жылы курулуш иштери аркылуу көрсөткөн кайрымдуулук иштери үчүн (1 млн. 398 миң сом).

Ысык-Көл облусунун, Ак-Суу районундагы жеке ишкер жана фермер Касенов Абдыталип Кадыракунович 2015-жылы социалдык тармакта жасаган бараандуу иштери жана айылга мечит салып бергени үчүн (11 млн. 680 миң сом).

Чүй облусунун, Кемин райондук саламаттык сактоо тармагында иштеген Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович 2015-жылы өз айылына бала бакча куруп бергендиги жана алдыңкы окуучуларга стипендия төлөгөндүгү үчүн (10 млн. 150 миң сом).

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги аркылуу көрсөтүлгөн, «Элим барсыңбы» коомдук фондунун президенти Арзыкулов Хабибулло Кадыралиевич 2015-жылы социалдык тармакка, оорулуу адамдарга, кары-картаңдарга берген бараандуу жардамдары үчүн (7 млн. 4 миң сом).

Бишкек шаарындагы «Имарат строй» жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти Иманалиев Бейшенбек Султанович 2015-жылы социалдык тармакка, оорулуу адамдарга, кары-картаңдарга берген ири жардамдары үчүн (1 млн. 348 миң сом).

Бишкек шаарындагы «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын директору Касенов Эдил Абдыталипович спорт тармагына жана студенттерге көрсөткөн ири колдоосу үчүн (15 млн. сом).

Азамат Кангелдиев