UFCнин расмий интернет дүкөнү коомчулукка – « Хабиб Нурмагомедовдун папахасын » сунуш кылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Калпак-папаха – бул Дагестандыктардын классикалык баш кийими, аны Россиянын мушкери ар бир жаңы мушташтын алдында такай кийип турган.
Буюм спортчунун мекенинде – Дагестанда, жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн колунан жасалган.
Хабиб Нурмагомедов спорттук карьерасын 24-октябрда жыйынтыктады. Экинчи айлампада ал америкалык Джастин Гэджини жеңип алды. Үч бурчтук муунтуу колдонулган.