Эртең кыргызстандык жеңил салмактагы мушкер Валентина Шевченко Лорен Мерфиге каршы беттешет. UFC 266 турнири Лас-Вегаста (Невада, АКШ) өтөт. Муну менен Шевченко UFCде алтынчы ирет чемпиондук курун коргойт.
Бул турнирдин негизги беттешинде орто жеңил салмактагы чемпион Александр Волкановский чемпиондук наамын Брайан Ортегага каршы коргойт.
Валентина Шевченконун таймашы Бишкек убактысы менен 9.30 менен 10.00дүн ортосунда болот.