Домой Коом Кубанычбек Жумалиевге тиешелүү соода борборлорунда тинтүү иштери жүрүп жатат (видео)

Кубанычбек Жумалиевге тиешелүү соода борборлорунда тинтүү иштери жүрүп жатат (видео)

95

«Таатан» жана «Гоин» соода борборлорунда, ошондой эле Кубанычбек Жумалиев атындагы университетте тинтүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери билдиришти. Алардын айтымында, учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын ыкчам-тергөө топтору «Таатан» жана «Гоин» соода борборлорунда жана Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде издөө иштери жүрүп жатат. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүнө байланыштуу КР Башкы прокуратурасы тарабынан каттоого алынган сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат. Ушул жылдын май айында Жумалиевди мамлекеттик кызматта иштеп жатып, мыйзамсыз байып кетти деп айыптаган Сыймык Жапыкеев болгон. Ошол эле учурда, өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Жапыкеев Каржы полициясын жетектеген.

булак: koom.press