Домой Спорт Белгилүү спортчу Хабиб Нурмагомедов расмий түрдө спорттогу карьерасын жыйынтыктады

Белгилүү спортчу Хабиб Нурмагомедов расмий түрдө спорттогу карьерасын жыйынтыктады

13

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов расмий түрдө спорттон кетти.

Промоушендин президенти Дана Уайт өзүнүн Twitter баракчасына жарыялагандай, бул мушкердин акыркы чечими. Эске салсак, Нурмагомедов 2018-жылы Эл Яквинтаны утуп, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук курун тагынган. Кийин Конор Макгрегор,

Дастин Порье жана Жастин Гэтжи менен беттешип, наамын ийгиликтүү коргогон.

Россиялык мушкер 2020-жылы октябрда Гэтжини уткандан кийин карьерасын жыйынтыктаганын жар салган. 32 жаштагы Нурмагомедов ММА спортунда

29 ирет беттешке чыгып, баарында тең жеңишти камсыздай алган.