Домой Дүйнөдө Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев атаандашын 1-раундда эле нокаут менен жеңип алды. (видео)

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев атаандашын 1-раундда эле нокаут менен жеңип алды. (видео)

145

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC 256 турниринде бразилиялык Ренато Мойканону биринчи эле раундда нокаут менен жеңип алды.

​Таймаш жеңил салмак категориясында болду.

«Эмне айтарымды деле билбейм. Айткымм келгендин баарын октагонго айтып салдым окшойт», — деди Физиев жеүгенден кийинки маекте.

​Эки мушкердин беттеши UFC 256 мелдешинин жогорку кардына коюлуп, Физиевдин карьерасында эң жооптуу беттештерден болду. Андан өйдө жакка кеченин экинчи жана эң башкы беттештери коюлган.

​Рафаэль Физиев акыркы ирет британиялык Марк Диакези менен июль айында беттешип, аны калыстардын чечими менен жеңип алган. Беттеш кеченин мыкты кармашы деп табылып, кыргызстандык спортчу 50 миң доллар бонуска ээ болгон.