Домой Коом Эң башкысы – ойдун жана үйдүн тазалыгы

Эң башкысы – ойдун жана үйдүн тазалыгы

436

Көпөлөк

Бардык эле адамдар бакубат жашоону каалашат. Чынында эле акчанын жардамы менен жашоодо биз кыялданган көп нерселерди ишке ашырууга болот. Ошого жараша каражатың жок болсо, өзүңдүн да, жакындарыңдын да керегине жароо кыйынга турат.

 

Акча менен ийгиликти кантип чакырса болот?

Ар бир адам максатына ар түркүн жолдор менен жетет, а кимдир-бирөөлөр ошол бойдон эле жакырчылыктын босогосунда калып кетет. Ал босогодон аттап өтүп кеткендердин сыры эмнеде? Эмне үчүн алардын намыянына акча өзү эле агып келет? Адамдар дүйнөнү көрүү аркылуу кабылдайт. Кунарсыз батирлерде жана кир үйлөрдө чоңойгон балдар бул нормалдуу көрүнүш деп ойлошот. Алар үйүндө өздөрү сынык идиштен тамак ичип, ал эми кооз жана кымбат баалуу идиштерди меймандарга сактоо керек деген тарбия алышат.

 

Үй ичин жасалгалоо

Бир акылман минтип айткан экен: “Акча ыпластыкты жактырбайт”. Демек, адегенде үй ичин жакшылап тазалап чыгуу керек. Биринчиден, өз убактысын күтүп жылдар бою чаң басып жаткан эски буюмдардан арылуу керек. Эски кийимдер менен буюмдардан арылар замат күч-кубатка толо түшкөнүңүздү сезесиз. Алдыда чоң өзгөрүүлөр күтүп жаткандай сезим пайда болот. Бул чынында эле ушундай. Бул Аалам мыйзамы – эски буюмдардын ордуна дайыма жаңылары келишет. Ыргыткандан калган буюмдарды тыкан иреттеп, таза жуулган шкаф текчелерине жайгаштыруу керек. Андан кийин чаңдарды аарчып, тактайды мизилдете жууп чыгасыз. Үй ичи тазаланып жаркырап калганда дем алуу жеңилдеп, маанай да көтөрүлөт. Бул үйгө киреше чакыруу жөрөлгөсүнүн башталышы гана. Мындан ары үйдүн ээси ушундай тазалыкты дайым сактоосу зарыл. Ошондо гана үй ичине береке-пайыз, аны менен кошо каражат агылып кирет.

 

Сараң болбо

Тамак-ашка жана буюмдарга сарамжалдыкты бала кезден үйрөтөт. Бул туура. Бир нерсе сатып аларда дайым ойлонуу керек. Киреше жана чыгаша дептерчеге дайым чыгымдарыңды жазып жүрүү кыйла каражатыңды үнөмдөөгө жардам берет. Ошол эле мезгилде мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктү арзандыгына карап гана сатып алба. Муздаткычта кечээки тамакты сактоонун да кереги жок. Айланабызда кайсы бир товарды бир жеринде кемтиги болгону үчүн арзан сатып алдым деп мактанган адамдар да кездешет. Мына буга көңүл бөлөлүчү: эгерде кышында өтүгүбүз такыр эле колдонуудан чыгып, жыртылып калса, сөзсүз анын ордуна жаңысы келет. Кайдан, кантип келгенине токтолуп отурбайлы – эң керектүү буюм дайым убагында пайда болот. Чындап эле керектүү нерселер бизге өздөрү келет. Зарыл муктаждык адамды аракет кылууга, ойлонууга, башкалар менен пикир алышууга мажбур кылып, күч-кубатты ойготот. Эгерде акча дал ушундай зарыл нерсе болсо, ал сизге сөзсүз келет.

 

Терс энергия оң энергияны үйдөн алыстатат

Каржы жагынан бакубат болуунун дагы бир “сыры” бар. Ал дагы да болсо үйдөгү тартипке-тазалыкка байланыштуу. Эгерде буюмдар жаркырап туруу үчүн жасалган болсо, анда ал дайым таптаза болуп туруусу керек. Дал ошондуктан үйдөгү суу чоргосуна, идиш-аякка, күзгүгө жана бет жуучу жай, ваннага дайым көңүл бөлүп, аларды идеалдуу тазалыкта кармоо зарыл. Себеби, мына ушул буюмдардагы топтолгон чаң-кирлер терс энергияга айланып, оң энергияны сиздин үйдөн алыстатат. Ар дайым жакшы ойдо болуу, үйдөгү тазалык турмуш эрежесине айланганда гана сиздин үйгө акча булагы агылып кирет. Эң башкысы – ойдун жана үйдүн тазалыгы.