Домой Пайдалуу кеңеш Акча чогултуудагы беш ката…

Акча чогултуудагы беш ката…

254

Чогултуунун ар түрдүү стратегиясы бар, жашоо сапатына зыянын тийгизбей батыраак жана көбүрөөк чогултуу үчүн, өзүңдүкүн өзгөрткөнгө эч качан кеч эмес.

Акча чогултуп баштаган болсоңуз, куттуктайбыз, бул коопсуз келечекке болгон туура кадам. Эң жакшысы сиздин акчалай “коопсуздук жаздыкчаңыз” эч кандай акча түшпөй калганда алты айлык жашооңузга жетиши керек. Ар бир ай киреше түшүп, топтомуңузду көбөйтүп турсаңыз, демек сиздин стратегияңыз туура.

Дэвид Блэйлок, финансылык пландоо боюнча адис, акто топтоо боюнча стратегияны анализдеп, аны жакшыртуу боюнча бир нече кеңешин сунуштайт.

1. Эмне калса, ошону чогултам.

Ар ай сайын төлөмдөрдү төлөйсүз, кичине көңүл ачууга коротосуз, анан эгер акча ашып калса чогултканга алып коесуз. Акчаңыз бар экенин билип, чогултканга койчу акчадан ойдогудан да көп коротуп коесуз. Андан сырткары, баардык чыгымдардан кийин канча акчаңыз калаарын да билбейсиз. Башка ыкманы колдонуп көрүш керек.

Туурасы:

Айлык алаарыңыз менен эң биринчи төлөнүүчү төлөм – бул топтомуңуз. Муну эреже кылып алып, маанилүү жана сөзсүз төлөнүүчү төлөм катары кабыл алыңыз (албетте, башка төлөмдөрүңүзгө акчаңыз жетсе).

Айдын башында же киреше түшөөр менен банктык картаңыздан автоматтык түрдө топтом эсебиңизге которгонго боло тургандай кылып алыңыз. Эгерде автоматташтырылган акча которуу коюп алсаңыз, ал жөнүндө унутуп коесуз, бир канча убакыттан кийин чогулган акча сизди жагымдуу таң калтырат.

Топтом эсебине акча котором

Ошентип, сиз үзгүлтүксүз акча чогултасыз, бул жакшы. Пластикалык карта менен топтом эсеби өтө ыңгайлуу. Бирок, мунун да кемчиликтери бар. Акчаңыз түгөнүп калса чогулган акчаңызды күтүүсүз сатып алууларга коротуп коюшуңуз мүмкүн. Себеби акчаны банкка барып отурбай оңой эле банкоматтан чыгарып алганга болот.

Туурасы:

Банктан алты айга же бир жылга депозит ачыңыз. Сиз сактаганга багытталган акчаны даана коротпойсуз. Бирок баарын салып салбаңыз. өзгөчө кырдаалдар үчүн бир бөлүгүн алып калыңыз.

Баардык топтомум бир эсепте

Эгерде сизде бир эле топтом эсеби болсо, акча бат чогулуп, баарына жетчүдөй сезилет. Эгерде сиз бир эле нерсеге чогултуп жатсаңыз, мисалы үй алганга же эс алганга, анда баары жайында. Эгер бир нече максатыңыз болсо анда бир эсеп эсептөөнүү оорлотот, белгилүү прогрессти көрбөйсүз. Эмнеге акчаңыз жетип, эмнени кое турушуңуз керек экенин түшүнүү кыйын болот.

Жыйынтыгында топтомду коротуп, мисалы өргүүгө, жаңы машинага эч нерсе калбай калат.

Туурасы:

Эң жакшысы ар бир максатыңызга өзүнчө бир нече эсеп ачып алыңыз, мисалы “үйгө”, “өргүүгө”, “балдардын билим алуусуна”. Эмнеге ишенгенге болоорун көрүп турасыз.

4. Мен мүмкүнчүлүк болгондо  чоң суммадагы акча бөлүп турам

Кээ бир адамдар ар дайым акча бөлүп турбайт, акча кенен болгондо эле чоң суммадагы акчаны бөлүп коет. Бул учурда азгырык да болот, өзүңдү да күнөөлү сезесиң. Айрыкча чогулган акчадан кайра алыш керек болгондо. Көңүл калып калса кайра акча чогултканга көңүл жок болот.

Туурасы:

Эң мыктысы чогултканга максат коюп алып ошого жеткенге аракет кылуу. Бир сумманы белгилеп алып ар ай сайын чогултуп туруу керек. Эгерде жашоо сапатын өзгөртпөй туруп сумманы жогорулатканга болсо, сөзсүз жогорулатыңыз. Бирок! Салым ар дайым болуп туруш керек.

5. Колуман келгендин баарын кийинкиге калтырам

Топтом болушу керек экенине карабай, өзуңүздүн ыракаттардан баш тартуунун кереги жок. Дал ошолор бизди бактылуу болуп психикалык саламаттыгыңызды сактап турганга жардам берет.

Туурасы:

“Өзгөчө кырдаалдар фондуна” акча чогулта элек болсоңор, чогултканча баардык төлөмдөрдү жана көңүл ачууларды кое тургула.

Алты айлык “өзгөчө кырдаалдар” фондуңар толгондон кийин, Блэйлок стратегияны өзгөртүүнү сунуштайт. Аз каражат аз киреше алып келгендиктен, узак убакытка чоң пайыз үстөмдүк менен инвестиция кылуу керек.

булак: anan.kg