Домой Коом Сузакта акча жасап жана сатып жүргөн 26 жаштагы жигит кармалды

Сузакта акча жасап жана сатып жүргөн 26 жаштагы жигит кармалды

172

suhagraat. 1d9eea6917fd7463b588c241d48f4677

Ош жана Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери ири суммадагы жасалма акча жасоо ишмердүүлүгү менен алектенип жүргөн жаранды кармоо максатында атайын операция жүргүзүшкөн.

ИИМдин пресс кызматы билдиргендей, Жалал-Абад облусунун Сузак районунан 26 жаштагы жергиликтүү тургун кармалып, “Хонда” үлгүсүндөгү автоунаасын текшерүү учурунда баштыктын ичинен 100 АКШ долларлык жалпы суммасы 9800 АКШ долларды түзгөн жасалма акча табылып, күбөөлөрдүн катышуусу менен алынган. Аталган факты боюнча КР кылмыш-жаза кодексинин 198-беренесинин 2-бөлүмүнө (Жасалма акча же баалуу кагаз даярдоо, сактоо же өткөрүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда, жасалма акча каражаттарын өндүрүү жана сатуу менен алектенген шериктеринин өздүгүн тактоого жана кармоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.