Домой Коом 10-майдан тарта 200-500 жана 1000 сомдук банкноттор пайдаланууга чыгарылат

10-майдан тарта 200-500 жана 1000 сомдук банкноттор пайдаланууга чыгарылат

193

10-майдан тарта Кыргызстанда 200-500 жана 1000 сомдук банкноттордун жаңысын көрө баштайбыз. Жаңы 5-серия улуттук валютанын 30 жылдыгына арналат.

«Банкноттор жасалма жол менен акча чыгаруудан бекем коргоону камсыз кылган, үч деңгээлден турган заманбап элементтердин комплексин камтыйт», — деп ишендирди Улуттук банк.

Белгилей кетүүчү жагдай, жаңы үлгүдө Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын чагылдыруу багыты, алдыңкы бетиндеги искусство жана маданият чеберлеринин портреттери, арткы бетинде республиканын кооз жаратылышы өзгөрбөйт. Ошондой эле банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү мурунку бойдон калат.

2023-жылдагы жаңы үлгүдөгү 200-500 жана 1000 сомдуктардын негизги коргоо элементтерин атасак:

1. Суу белгиси бар;

2. Үзүк тилкени жарыкка салып караганда бүтүн сыяктуу чагылып көрүнөт. Мында Улуттук банктын эн белгиси камтылган;

3. Бири-бирине дал келген сүрөт;

4. Банкнотту кол менен кармап көргөндө жазуулар, сан жана тамгалардын сүрөттөрүндө одуракай экени сезилет;

5. Банкнотту жантайыңкы алып караганда сомдун белгиси болгон «С» тамгасы пайда болот.

6. Банкнотту жантайыңкы кылып караганда оюу-чийме алтын түстөн жашыл түскө өзгөрөт;

7. Арткы бетинде Улуттук банктын эн белгиси турат

жаңысын көрө баштайбыз. Жаңы 5-серия улуттук валютанын 30 жылдыгына арналат.

«Банкноттор жасалма жол менен акча чыгаруудан бекем коргоону камсыз кылган, үч деңгээлден турган заманбап элементтердин комплексин камтыйт», — деп ишендирди Улуттук банк.

Белгилей кетүүчү жагдай, жаңы үлгүдө Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын чагылдыруу багыты, алдыңкы бетиндеги искусство жана маданият чеберлеринин портреттери, арткы бетинде республиканын кооз жаратылышы өзгөрбөйт. Ошондой эле банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү мурунку бойдон калат.

2023-жылдагы жаңы үлгүдөгү 200-500 жана 1000 сомдуктардын негизги коргоо элементтерин атасак:

1. Суу белгиси бар;

2. Үзүк тилкени жарыкка салып караганда бүтүн сыяктуу чагылып көрүнөт. Мында Улуттук банктын эн белгиси камтылган;

3. Бири-бирине дал келген сүрөт;

4. Банкнотту кол менен кармап көргөндө жазуулар, сан жана тамгалардын сүрөттөрүндө одуракай экени сезилет;

5. Банкнотту жантайыңкы алып караганда сомдун белгиси болгон «С» тамгасы пайда болот.

6. Банкнотту жантайыңкы кылып караганда оюу-чийме алтын түстөн жашыл түскө өзгөрөт;

7. Арткы бетинде Улуттук банктын эн белгиси турат.