Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Италиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп алышкан деп айыпталып жатат. «The Guardian» гезити билдиргендей, уюм сайтынан коронавирус пандемиясынын башталышындагы өлкө өкмөтүнүн шалаакылык аракеттери жазылган отчетту алып салган.
102-барактан турган документ «Болуп көрбөгөндөй чакырык: Италиянын COVID-19га каршы биринчи жообу» деп аталып, пандемия менен күрөшүү үчүн башка өкмөттөрдү мобилизациялоого багытталган. Аны ДСУнун өкүлү Франческо Замбон жана анын европалык 10 кесиптеши түзгөн.
Документ ДССУнун сайтында 13-майда пайда болгон, бирок эртеси жок кылынган. Документте ошондой эле Италия 2006-жылдан бери пандемияга каршы иш-чаралардын планын жаңырта элек деген жүйөө келтирилген. Документте, өлкө пандемияга даяр эместигинен улам, өлкөдө баш аламандык жаралганы белгиленген.
Гезит белгилегендей, ДСУнун сайтынан документ ДСУнун стратегиялык демилгелер боюнча башкы директорунун орун басары Ранери Герранын талабы боюнча алынып салынган.