COVID-19дан да алда канча кооптуураак жаңы пандемия коркунучун жокко чыгарууга болбойт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус уюмдун Женевадагы жылдык ассамблеясында айтканын РИА Новости жазды.
«Башка варианты (COVID — ред.), пайда болуп, ал жаңы оору менен жаңы жоготууларды алып келет деген кооптуулук сакталууда. Мындан тышкары, өлүмгө алып келүүчү жаңы патогендин да пайда болуу кооптуулугу турат», — деген ДССУнун башчысы.
Гебрейесус бүткүл дүйнөнү келечекте бул коркунучка жамааттык жооп берүүгө даяр болууга чакырды.
Эске салсак, буга чейин ДССУ 2020-жылы жарыяланган COVID-19дан глобалдык пандемия статусун алып салган. Уюмдун маалыматы боюнча, пандемия кеминде 20 миллиондой адамдын өмүрүн алды.