Домой Спорт Айсулуу Тыныбекова жарым финалда атаандашын чоӊ айырма менен жеӊди

Айсулуу Тыныбекова жарым финалда атаандашын чоӊ айырма менен жеӊди

137

Айсулуу Тыныбекова Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө кубогунда финалга чыкты. Ал жарым финалда Россиянын чемпиону, Дүйнөнүн 2019-жылдагы вице-чемпиону Любовь Овчарованы 13: 2 эсеби менен жеӊди. Тыныбекова, эртеӊ финалда Латвиялык балбан кыз Анастасия Григорьева менен беттешет.

Маалым болгондой, дүйнө кубогу ушу тапта Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Тыныбекова 62 килограмм салмакта килемге чыгып, румыниялык Крисца Тунде Инцени, чейрек финалда түрк балбаны Кансу Аксойду жеңген.

Спорттук күрөш түрлөрү боюнча дүйнө кубогу 12-декабрда башталып, алгачкы эки күндө грек-рим күрөшүнүн балбандары күч сынашты. Кыргызстандын атынан тогуз балбан тогуз салмак категориясында килемге чыкты.

Балбан Руслан Царев коло байге утту. Жеңил салмактарда 13-декабрда күрөшкө түшкөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг) финалга чыкса, Калы Сулайманов (63 кг) коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Балбандардын беттеши бүгүн,  өтөт.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуудан сырткары Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазаорва жана Нураида Анаркулова да катышууда. Алар 15-декабрда беттешке чыгышат.