Домой Коом Рахат: Италияда модель, актриса болушума өжөрлүгүм жардам берди

Рахат: Италияда модель, актриса болушума өжөрлүгүм жардам берди

116

Жолдошбек кызы Рахат көлдүн ак куусу. Учурда Италияда жашап, алардын мода жана кино тармагынан өз ордун таап келатат.  

  • Рахат, актрисалык жана моделдик жөндөмүңүздү Италияда сынап атыптырсыз. Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, анан башка сөзгө өтөлү. 
  • Мен Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда 1991-жылы төрөлгөм. 15 жашымда Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайына тапшырып, дизайнер-архитектор кесибине ээ болгом. 16 жашымдан баштап эркин күрөшкө кызыгып кеттим. Атүгүл спорттун бул түрү менен профессионалдуу түрдө машыгып бир топ ийгиликтерге жеткем. 
  • Сизди актриса, модель эле десек, спортчу да турбайсызбы? 

(Күлүп) – Ооба, кадеттер арасында 1-орунда, жаштар арасында 1-орунда, аялдар арасында экинчи, кээде биринчи орунда болчумун. Аялдар арасындагы мелдештерде жашым жетпесе да машыктыруучуларым өзүмдөн улуулар менен  чыгарып коюшчу. Спорттун арты менен абдан көп шаарларды көрдүм. Эсимде, 18 жашымды поездде тоском. Орусиянын, Украинанын, Казакстандын машыктыруучулары өздөрүнө көп жолу чакырышты. Бирок агайларым жөнөтчү эмес. Тилекке каршы, мен спортту уланта албай калдым. Үй-бүлөлүк шарт ошондой болуп калды.  

  • Спорттон моделдикке аттап кеткениңиз да кызык экен? 
  •  Бул эки кесип бири-биринен алыс болгону менен менин жүрөгүмө экөө тең жакын. Спортто жүргөнүмдө эле ак маралдай керилген сулуу кыз болгум келчү (күлүп). Билесиз да, спортто сыланып-сыйпанганга убакыт жок. Таңкы беште туруп алып машыгасың, анан окуу, окуудан келип кечки машыгуу, анан айлап сборлорго кетесиң, мелдештерге барасың… Анан спортту таштаганда дароо эле моделдикке окуп баштадым.  
  • Демек, моделдик карьераңыз Кыргызстандан эле башталган экен да? 
  •  Ооба, биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну башталганда Рыскүл Намазбекованын моделдик агенттигинде элем. Алгачкы жолу ошондо өзүмдү модель катары көрсөттүм. Мага бул чөйрө абдан жагып калды. 
  • А Италияга моделдикти улантуу максатында бардыңыз беле? 
  • Мен Италияга 2018-жылдын октябрь айларында келип, Неаполь шаарында жашап, иштеп калдым. Модель, актриса болууну кыялданганым менен Италиядан бул кесиптерди улантуу оюмда жок эле. Анткени мисалы, актриса болуу үчүн тилди өтө жогорку деңгээлде билүү керек. Мен Италияга келгенден көп өтпөй эле пандемия башталып калды. Ошол учурду бекер кетирбей бир гана тил үйрөнүүгө жумшадым. Кийин ресторанда иштеп калып, эркин сүйлөгөндү ошол жактан үйрөндүм. А актриса болгум келерин, модель болгум келерин ошол жактагы кыргыз эжелерге айтсам баары бир ооздон: “Боло албайсың, андай мүмкүн эмес. Актрисалыкка эмес, тырмак жасаган курска да окуу кыйын бул жакта”,-дешчү.  
  • Анан сизге эмне жардам берди? 
  • Мага өзүмдүн өжөрлүгүм анан спорттон алган тарбиям жардам берди. Учурдан пайдаланып спорттогу машыктыруучуларым Альфия Рашидовна менен Чолпон Айтматовго ыраазычылыгымды билдиргим келет. Ошол асыл адамдардын тарбиясы менен мен “аа, болбойт экен” деп отуруп калбай тескерисинче аракет кылдым. Мен үчүн мүмкүн эмес нерсе жок. Актрисалыктын толтура курстарына бардым, бири да мени кабыл алган жок. Мен да тажабай бара бердим. Сентябрь болоюн деп калган, акыркы барган курсума: “Мага болот же болбойт деп так жообун айткыла, эгер болбосо мен Римге барып ошол жактан аракет кылам”,-дедим. Ошондо алар менин өжөр экенимди айтышып, өздөрүнө кабыл алышты. Италияда чет элдиктерге абдан жакшы мамиле жасашат. Окуу жайдагылар мени Леона из Кыргызстана деп таанышат. Окуум үч жылдык, анын эки жылын бүтүп калдым. 
  • Кандай шарт менен окуйсуз? Акы төлөйсүзбү? 
  • Окууга күн сайын барбайбыз, жумасына эки гана жолу болот. Акы төлөйм, айына 140 евродон, бул биздин сомго 13 миң сомдой болуп калат.  
  • Студент болсоңуз да бул тармакта ийгиликтерди жаратып жатыптырсыз. 
  • Ийгиликтерге кадам таштап жатам десем туура болот. Бир топ эле кинолордо роль жараттым. Ал кинолор жергиликтүү каналдардан, Европанын каналдарынан көрсөтүлөт. Учурда АКШ менен Италия биргелешип тарткан коркунучтуу фильмде башкы ролдордун бирин ойноп жатам. Анда байлыгы менен дүйнөгө таанылган япон бизнесменинин көпкөн кызынын ролун аткарам. Бирок ал фильм тартылып бүтө элек, качан бүтөрүн деле билбейбиз.  
  • А моделдикке кантип жол ачылды? 
  • Курстарды кыдыргандай эле моделдик агенттиктерди кыдырып баарына өзүм тууралуу маалымат калтырып кеткем. Бирок модель болуу окууга киргендегидей кыйын болгон жок. Сулуулуктун дүйнөлүк жаңы эрежеси боюнча азыр моделдерге катуу талап жок. Мурун арыктар гана модель боло алса, азыр өзүңүздөр билгендей ар кандай өлчөмдөгү кыздар подиумга чыга алышат. Менин деле дене түзүлүшүм спортчулардыкындай болуп калыптанып калган. Ошого карабай мода чөйрөсүнөн да өз ордумду тапканга аракеттенип жатам. Агенттиктер электрондук дарегибизге жумуш сунуштап турушат. Мен буга чейин бир нече жолу дизайнерлердин кийимдерин кийип подиумга чыктым, ар кандай жарнамаларга тартылдым. Бир конкурска жюри болууга сунуш түшүп, ошондон кийин мода чөйрөсүнө дагы да жол кененирээк ачылды. Ийгиликтер али алдыда, келечекте дүйнөгө атагы чыккан дизайнерлер менен иштешип, чоң-чоң фильмдерге тартылууну максат кылам.  
  • Маегиңизге рахмат! Максатыңызга жетиңиз!