Жогорку Кеңештин депутаттары Кумтөр кенинин иши боюнча отчет берилишин талап кылууда.
Парламенттин бүгүн, 29-сентябрдагы жыйынында эл өкүлү Айбек Осмонов компаниянын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү бул жакка чакыртууну талап кылды. Ал эми депутат Наталья Никитенконун пикиринде, компанияда эмне болуп жатканы тууралуу маалымат берилбей жабык болууда.
«Компаниянын буга чейин берген жообун «жооп» деп атоого болбойт. Эмоция менен гана айтылган сөздөр. Элге да, депутаттарга да эч бир маалымат бербептир. Бирок Тениз Бөлтүрүктүн аффилирленген Кумтөргө белгилүү бир консалтинг кызматтарын көрсөтүп жатканын ЖМКлар жазууда. Ошондой эле «Учкундагы» кеңсесин андан төрт эсе кымбат турган кеңсеге көчүрүүгө даярданып жатканы тууралуу маалымат түшүүдө. Иштери ачык-айкын болбой жатат. Парламент бул маалыматты угушу керек деп эсептейм. Бөлтүрүктүн, экономика жана финансы министринин (ред- Акылбек Жапаров), УКМК төрагасынын (ред- Камчыбек Ташиев) Европага болгон турнеси бүткөндөн кийин сөзсүз түрдө чакырышыбыз керек», — деди Никитенко.
Буга чейин Депутат Наталья Никитенко «Фейсбук» баракчасында ишкананын сырткы башкаруучусуна бир катар суроолорду жолдоп, анын иши «ачык-айкын» болбой жатканын айткан. Ал «Эмне үчүн өлкө бюджетинин бешинчи бөлүгү менен экспорттун жарымын камсыздаган компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу эч ким отчёт бербей жатат?», — деп суроо салган.
t-media.kg