Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) аймагында илимпоз, академик Кусеин Карасаевдин эстелигинин ачылышы болду. Иш-чарага КРнын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, БМУнун эмгек жамааты жана студенттер катышты.
Эскерте кетсек, кыргыз совет тилчиси, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог, филология илимдеринин кандидаты, профессор, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, I даражадагы «Манас» орденинин кавалери, Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси, Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Кусеин Карасаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кара-Секи (азыркы Токтоян) айылында 1901-жылы 5-январда туулган.
Тилчи 16 түрк тилинде жана араб, фарс, немисче эркин сүйлөгөн. «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү», «Орусча-кыргызча сөздүк», «Карасай сөздүк» аттуу эмгектердин автору.
Залкар инсан өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин илим, чыгармачылык менен алектенип жүрүп 97 жашында көз жумган. Сөөгү Каракол шаарына коюлган.