“Ата Мекен” партиясынын ири өлчөмдө паракорчулукка шектелген лидери Өмүрбек Текебаевдин күнөөсү сотто далилденип, жакында чечим чыкканы турат. Муну айттырбай билген “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү атайын түзүлгөн сценарийин ишке салып, бир мүчөсүн “жоголдуга” чыгарды. Тактап айтканда, «Ата Мекендин»активдүү мүчөлөрүнүн бири Нургазы Бакаевдин дайыны кечээтен бери белгисиз болуп жатыптыр.
Эми ушундай шоуга ким ишенсин? Мүмкүн ал “сайгактап” кетип кайсы бир жерде жаткандыр. Аны бийликке шылтап, коомчулуктун көңүлүл башкага буруу кантип абийир алып келсин? Же аты-жыты белгисиз Нургазы Бакаев дегени бийликтин тынчын алып, түн уйкусун буза турган фигура болсочу.
albendazole over the counter. “Ата Мекен” партиясынын коррупцияга шектелген лидери Өмүрбек Текебаев кылган кылышы үчүн узак мөөнөткө камалышы да мүмкүн. Муну менен мародерчулукка айыпталган партиянын доору бүтөт. Дал ушул партия аркылуу бийликке келип, андан “нан” жегендер үчүн бул чоң трагедия. Айласы кетип, элди ынандыра турган нерсе таппай, бир мүчөсүн “жашыргандар” элден уялбайбы. Бийлик ошол Нургазы Бакаевди башына урабы десең. Өздөрү деле бир ишти баштар алдында акылдарын иштетип, ойлонсо болмок.