Домой Аналитика Даирбек Мурадинов: Биз имараттарды жасалгалоо боюнча бирдиктүү стандарттарты киргизип, Бишкектин сырткы көрүнүшүн...

Даирбек Мурадинов: Биз имараттарды жасалгалоо боюнча бирдиктүү стандарттарты киргизип, Бишкектин сырткы көрүнүшүн жакшыртабыз

244

“Эмгек” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Даирбек Мурадинов алдына койгон максаттары туура айтып берди.

Саламатсызбы Даирбек мырза, маегибизди башында сиз жөнүндө билгибиз келип турат. Алгач өзүңүз жөнүндө кыскача айтып бербейсизби?

Саламатсыздарбы? Мен өзүм 33 жаштамын. Бишкек шаарында туулүп өсүп, шаарыбыздагы №5 Улуттук компьютердик гимназияны бүткөм. Андан кийин билимимди жогорулатуу максатында Кыргыз-Орус Славян университетинде тапшырып, инженер-куруучу адистигине (суу менен камсыз кылуу боюнча) ээ болдум. Атам дагы инженер-куруучу. Атамдын жолун жолдоп мен дагы ушул адистикти тандап, иштеп келе жатам. Апам диспетчер тармагында иштейт. Учурда жубайым экөөбүз 2 кыз жана 1 уулду тарбиялап жатабыз.

Сиз шаардын өнүгүшүнө кандай салымдарды кошуп, элге кандай кызмат көрсөтсөм деген ой-максат, тилектер менен “Эмгек” саясий партиясынын катарынан Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына аттанып жатасыз?

Алдыга койгон койгон максаттар ого эле көп. Буюрса, биздин “Эмгек” партиясы шайлоодо жеңишке жетип, шаардык кеңешке келсек, анда борбор каалабыздын бюджеттин көбөйтүп жана шаардын инфраструктурасын жакшыртуунун үстүндө иш алып барабыз. Ошондой эле элдин жашоосун жеңилдетип, алардын коопсуздугун камсыз кылабыз. Бул боюнча партиянын конкреттүү программасы бар. Мен өзүм куруучу болгондон кийин, бул тармактагы көп маселени жакшы билем. Мисалы, шаардын сырткы жасалгалары көңүл жылытаарлык эмес жана шаардын тегерегиндеги конуштарда инфраструктура өнүкпөй, суу менен камсыздоо тутуму жок, социалдык жана маданий жайлар аз. Ошондуктан “Эмгек” партиясынын командасы конуштарды өнүктүрүү үчүн жолдорду, тротуарларды, мектептерди, бала бакчаларды жана медициналык жайларды куруп, суу, канализация жана электр энергиясын толук жеткирели деп жатабыз. Ошондой эле ар бир аймака шаарлыктар эс алуусу үчүн заманбап парктарды жана скверлерди жана эс алуучу жайларды ачабыз. Эң башкысы имараттарды жасалгалоо боюнча бирдиктүү стандарттарты киргизип, Бишкектин сырткы көрүнүшүн жакшыртуу керек. Чатырларды жана дубалдарды жасалгалоонун бирдиктүү стандарттарын жана анда колдонулган түстөргө жана материалдарга жалпы талаптарды киргизгибиз келет. Муну менен борбордук көчөлөрдөгү имараттардын фасаддары өзгөчө архитектуралык стилде болуп, өлкөбүзгө келген коноктордун жана туристердин көңүлүн өзүнө бурат. “Эмгек” партиясынын команасы жеңишке жетсек, сөзсүз түрдө бул маселелерди өз убагында көтөрүп, аны чечүү боюнча тиешелүү мыйзамдарды жазууга аракет кылабыз.

Бишкектин ички жолдору бүгүнкү күндүн талабына жооп бербегендиктен, унаа тыгындары көп болууда. Мындан улам бул маселени түп тамырынан чечүү үчүн эмне кылуу зарыл?

Туура айтасыз, шаарыбызда жол тыгындары көп болууда. Анткени, Бишкекте акыркы жылдары унаалардын саны өтө эле көбөйдү. Менин жеке пикиримде, жол тыгындарын азайтуу үчүн шаардын ички жолдорун кеңейтип, метро куруп же башка мүмкүн болгон бардык чараларды кылышыбыз керек. Шаар ичиндеги жолдор акыркы 4-5 жылдан бери оңолуп жатат. Бирок, убакыттын өтүшү менен эле жолдорду кайра жаңыртуу, кеңейтүү жана жаңы жолдорду куруу маселелери туулуп жатат. Бул көйгөйлөрдү чечүү боюнча да партиянын көптөгөн максаттары, ойлору бар. Эми мунун бардыгын тез арада чечиш кыйын, ал үчүн каражат жана убакыт керек. Бирок, ошентсе да биздин команда эгер алдыга шайлоодо жеңишке жетсек, бул маселелерди сөзсүз түрдө карап, аны жөнгө салабыз. Ошондуктан биз бирге иштесек, максатарыбызга жетебиз деп ойлойм. Мен билем жана ишенем “Эмгек” партиясы шайлоодо алдыга чыгып, шаарлыктар менен бирге бардык максаттарга бирге жетет.

“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.