Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 15-майда өтө турчу эл аралык марафонго ыктыярчылар керек. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Run the Silk road Ысык-Көл IX эл аралык Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) марафонунда ыктыярчылар төмөнкү багыттар боюнча иш алып барат:
- катышуучуларды жайгаштыруу жана тамактандыруу;
- транспорттук логистика;
- демөөрчүлөр менен иштөө;
- ЖМК менен иштөө;
- медициналык коштоо;
- калыстар менен иштөө;
- катышуучулардын атташеси (котормочулар);
- күйөрмандар үчүн кызматтар;
- VIP-конокторду коштоо.
Ыктыярчылар кыргыз, орус жана англис тилдерин эркин билген, 18 жаштан өйдө КР жарандары болушу керек.
Билдирүүлөрдү marafonm4@gmail.com электрондук дарегине 5-апрель күнү саат 17:00гө чейин жөнөтүү керек. Аны менен бирге талапкерлердин өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсүн жана «Марафонду өткөрүүдөгү менин ролум» темасына мотивациялык кат жиберүү зарыл.
Кошумча суроолор боюнча 0312 32-52-18 телефону аркылуу байланышса болот. Ыктыярчылар билдирүүнү шилтемедеги үлгү сыяктуу толтурушу керек.
2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда тиешелүү нормативдерди аткарган спортчуларга Олимпиада оюндарына, дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия берилет. Бул World Athletics уюмунун календарлык мелдештерине киргизилген.Марафондун алкагында ар кандай аралыкка чуркоо пландаштырылууда: марафон 42,19 чакырым, жарым марафон 21,97 чакырым, 10 чакырым жана 3 чакырым. Ал эми кийинки түрү скандинавиялык басуу үч чакырымдык аралык болмокчу.