Домой Коом БШК президенттикке талапкерлерди каттоону аяктады, шайлоо өнөктүгү эртең, 15-декабрда башталат.

БШК президенттикке талапкерлерди каттоону аяктады, шайлоо өнөктүгү эртең, 15-декабрда башталат.

73

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерди каттоону аяктады, шайлоо өнөктүгү эртең, 15-декабрда башталат. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Биринчи радионун эфиринде билдирди.

Анын айтмында, Конституциялык мыйзамга ылайык, үгүт иштери шайлоого 35 күн калганда башталат. Бирок бул кезексиз шайлоо болгондуктан, үгүт жараяны 26 күн калганда башталат.

“Президенттикке талапкерлер программасын тааныштыруу үчүн шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүнүн эрежелери жана ченемдери конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн, мындан тышкары аларга мамлекеттик КТРК жана ЭЛТР телеканалдарында акысыз эфирдик убакыт берилет” – деди ал.

Белгилей кетсек, БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына 18 талапкерди каттаган.