Домой Коом Болот Шер баштаган “Ата Мекенчилердин” “зектерге” иши түшсө абалы чатак…

Болот Шер баштаган “Ата Мекенчилердин” “зектерге” иши түшсө абалы чатак…

86

Марат Исаков жана Нургазы Бакаев

Мародорчулук боюнча факты коомчулукка ачыкталып, анын башкы күнөөкөрлөрү камакка алына баштагандан эле “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрүнүн айкырыгы катуу чыгып, мародер деген сөздү укканда эле чычалап башташчу болду. “Чын чачалайт” деген таамай сөз ушул “жыттуу” партияга куп жарашып турган чагы.

Партия лидери Өмүрбек Текебаев баш болгон бир катар “социалисттер” 2010-жылдан кийин кыска аралыкта байлык топтоп, бир канча ири кыймылсыз мүлктөргө ээ болгону далай айтылды. Апрель окуясына чейин экс-министр Аликбек Жекшенкуловдун үйүндө сагалап жүргөн “ата мекенчилер” Текебаев ээлик кылган заңгыраган имаратта “жыргап” эле калды. Албетте, анын ээси “төрт дубалды кучактап”, өткөнгө өкүнүп отурат.

Дал ушул КТРКнын имаратынын артында жайгашкан офисте “ата мекенчилер” күн сайын ар кимди чакырып, алардын кур жомогун угуп, аны таратуу менен гана чектелүүдө. Болот Шердин ары бери “бапоросту” түтөтүп ойлуу басканы эле болбосо офисте кызыктуу эч нерсе жок. 15-20 миң сом айлык алып, эртеден кечке көзү кызарып интернеттен Текебаевди жактап отургандардын деле сабыры суз дейт. Алар деле лидерлердин арты таза болбосо канчалык “жалап жуктаганы” менен кантип пайда чыксын. “Түз байланыш” дегенден мүлдө пайда чыкпай турганын өздөрү деле билет. Бирок, башка аргасы болбосо не кылсын.

Улуу кыргызымдын “бүлүнгөндөн бүлдүргү алба” деген сөзүнүн фолософиялык маанисин талкуулоо “Ата Мекен” партиясынын башкы темасына айланганын эшиттик. Чамасы булар деле 7-апрелдеги “кылыгына” өкүнүп турат. Болбой эле акыркы деми калганча актанууда. Бирок, мародорчулук бир эмес 2 депутаттык комиссия тарабынан тастыкталып, күнөөлүүлөр өздөрү моюнга алып, “ата мекенчилердин” телефондон команда бергени ачыкка чыкканы менен булар танганын токтотподу. Жада калса талап-тоноо иши тастыкталып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга аз калганда А.Салянова менен К.Ноорузбаев кантип “эрдик” кылганына чейин эл билет.

Эми болсо кыңыр иши менен тергөө абагында жатып, ал жактан Абдулла Юсуповдун “сырын билген” Нургазы Бакаев дегенди сайратууга өтүптүр. “Үй-бүлөлүк шартына байланыштуу” СИЗОдо жаткан бул Нургазы 30-мартта “Ата Мекендин” штабында маалымат жыйын уюштуруп, Юсуповду ойда шыбады. Юсуповду эч ким таза деп айткан жок да. Ал өзү кылмышын моюнга алып, мародерчулукка катышканын тастыктап отурат. Талап-тоноонун башында тургандар “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү болгонун танган жок. Керек болсо Юсупов деле өзүн мародер экенин айтууда.

Дагы кызыгы Н.Бакаев 2012-жылдан 2014-жылга чейин Бишкектеги №1 СИЗОдо жаткан экен. Анда эмне үчүн 3 жыл тымпыйып жүрдү? Эми болсо Болот Шердин тукуруусу менен маанисиз кептерди сандыктап отурат. Азыр эл мародер партиянын мүчөлөрүнөн канчалык жийиркенсе, Юсуповдон деле жийиркенет. Ошентсе да Болот Шер баштаган “ата мекенчилердин”  деген “зекке” иши түшсө абалы чатак экен…

 

redustat funciona.