Бокс боюнча олимпиадалык оюндарга тандоо турнири Кытайда болуп өттү. Анда 81 килограммдык салмакта Эркин Адылбек уулу түркмөнстандык Азил Ачилов менен чыгып, анын бетин жакшы “түздөп” туруп Рио-де Жанейрого жолдомо алды. Ал эми мыкты боксчуларыбыз Азат Үсөналиев менен Эркин Сакенов каршылаштарына утулуп калышты. Эми алар олимпиадага жолдомо алыш үчүн Бакуда өтө турган турнирге катышат. Ошондо муштумдары таамай тийип берсе, жолдомо алып калышы мүмкүн.