Домой Спорт Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курамасы Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курамасы Азия чемпионатына катышат

17

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Турнир 17-28-январь күндөрү Бангкокто (Таиланд) өтөт, ага 22 жашка чейинки спортчулар катышат. Кыргызстандын намысын 12 мушкер коргойт.

Кыргызстандын курама командасынын курамы:

1. Анвар Ходжиев, МС, 48 кг;
2. Ислам Төрөбаев, КМС, 54 кг;
3. Тургунбек Иманкадыров, спорт чеберине талапкер, 57 кг;
4. Мирзахит Имамназаров, МС, 60 кг;
5. Аскат Култаев, спорт чеберине талапкер, 63,5 кг;
6. Ыктияр Нишанов, спорт чеберине талапкер 67 кг;
7. Нурадин Рустамбек уулу, М.С. 71 кг;
8. Даниел Абдрахманов, КМС, 75 кг;
9. Бекбол Мурасбеков, МС, 80 кг;
10. Нурсултан Болотбаев, МС, 86 кг;
11. Бакыт Токтосун уулу, МС, 92 кг;
12. Ооматбек Элчоро уулу, КМС, 92 кг;
13. Мукаш Ырсалиев, эл аралык калыс.
14. Данияр Төлөгөн уулу, башкы машыктыруучу;
15. Сагынбаев Улан, улук машыктыруучу.