Домой Технологиялар Уйкусуздуктун дарысы табылды

Уйкусуздуктун дарысы табылды

1352

Sleep Shepherd BlueЖер шарынын ар бир төртүнчү адамы уйкусуздуктан жабыркайт. Аптекаларда уйку чакыруучу миңдеген дарылар сатылат. Бирок, доктор Ларсон(Michael Larson) уйкусуздук менен күрөшүүчү жаңы аппарат ойлоп тапты. Бул болсо аптекалардагы толгон-токой дарылардын ордун алмаштыра алат. Sleep Shepherd Blue деп аталган бул башка таңып алуучу аппарат баш мээнин активдүүлүгүнө байкоо жүргүзүп жана адамга терең уйкуга кетүүгө жардам берет. “17 жаштагы кызым уйкусуздук оорусуна кабылгандан кийин канткенде адамдын ден соолугуна зыян келтирбегендей кылып бул ооруга каршы турууга болот деген ойго келдим. Уйку чакыруучу дарылардын баары химиялык негизде жасалып, ден соолукка оңбогондой зыяны бар экени белгилүү” – дейт доктор Ларсон.  Доктордун ойлоп тапкан аппаратын башына кийген адам адегенде бир калыптагы жүрөктүн кагышындай болгон ыргактарды угат. Бул ыргактар улам жайлаган сайын адам кандайча уктап калганын сезбей калат. Kickstarter сайтына кирип бул аппаратка буйрутма берсеңиз болот.

Аида Мусаева